Пресс-релиз, 23.07.2012: Жарандык коомдун умутун сотторду тандоонун 1-чи туру канааттандырган жок. 2-чи турдан эмнени кутууго болот?

добавлен 23 июля 2012 12:34
просмотров 780

 

 

 

Катышуучулар:

· Рита Карасартова, Сот системасын көзөмөлдө боюнча жарандык кенештин координатору

· Давлетбаев Жанабиль, Коомдук бирикме “Коомдук иликтөөлөр институту»

· Джумабеков Джылкыайдар, Коомдук бирикме «Пай ээлэрин жана керек-жарак кооператорлордун укугун коргоо коому»

 

 Кыргыз Республикасында сот корпусунун түзүлүшү жаңы эрежелердин киргизилиши менен Сотторду тандоо кеңешинин (СТК)  ролу эң төмөнкү денгээлгетүшүп, тандоонун сапаттуулугуна  Президент жана Жогорку Кеңеш дагы жоопкерчиликтүү болушту. Жогорку соттун сот кызматына талапкерлик кылууга мүмкүн болгон адамдардын тизмеси кеңейтилбей соттордун өзүлөрү менен  гана чектелген.

 Тандоонун кыска мөөнөтү мыйзамдуу түрдө узартылган эмес, ал эми тандоо процесси жай мезгилинде башталгандыктан, көпчүлүк ММК кызматкерлери жайкы эс алууда, жарандык активдүүлүк өтө төмөнкү денгээлде, анын үстүнө Жогорку Кеңеш дагы жайкы эс алууда, ошондуктан жыйынтыгында мунун баары СТКга коррупциялык таасирди күчөтүүдө.

 Сот өндүрүшүнө, сот түзүлүшүндө позитивдүү өзгөрүүлөргө багытталган Сот реформасынын концепциясы жана сот тандоо процесси мамлекеттик бийлик тарабынан белгисиз себептерден мындан аркы өзгөрүүлөрдүн сапаттуу планы катары кабыл алынган эмес.

 СТКнын иш аракеттери анын коомдук статусуна шилтеме жасалып каржыланбай келүүдө. Баардык соттордун кызмат орундары ваканттуу деп жарыяланганына байланыштуу, биринчи сотторду тандоо тарыхый мүнөздөмөгө ээ экендигин эске алышыбыз керек. СТКнын мүчөлөрүнө, алардын иш аракеттерине каржылоонун жок болгондугу жана жүктөлгөн кызматынын көлөмү көп өлчөмдө болгондугу СТКга коррупциялык таасирди күчөтүүдө.

 Документтерин тапшырган 92 таларкердин ичинен 16 - өз каалоосу менен өзүнүн талапкерлигинен баш тартты, 4 - кемтиксиздик көрсөткүчтөрүнүн жана документтердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында 2-чи турга өткөн жок. Кызмат жөнүндөгү маалыматында Сот Кеңешинин чечимдери жана алардын негизинде кынтыксыз жүрүм турумуна байланыштуу кызматынан мөөнөтү бүткөнгө чейин мамлекет башчысынын Указынын негизинде бошотулган соттордун талапкерлигинин каралышы өзгөчө резонансты туудурду. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) көрсөткөн бир гана декларациянын негизинде мүлкүнүн деңгээли туралуу маалымат боюнча текшерүү эффективдүүлүгү күмөн жаратат. Мыйзамсыз түрдө алынган мүлктү издеп табуу үчүн МСК, Соцфонд, Мамлекеттик каттоо кызматы, Ички иштер министирлигинин жана Адилет министирлигинин катышуусу менен, талапкердин бир туугандарына жайылтылган комплекстүү текшерүү жүргүзүлүшү керек.

 Ошентип 2-чи турга 72 талапкер өттү. Кийинки этапта талапкерлер укуктук темага сочинение жазып аны ооз эки айтып бериши керек, укук боюнча суроолорго жооп бергенден кийин талапкердин ак ниет, калыстык жана псилогиялык туруктуулугуна СТК баа бериши керек. Бирок мамлекет тарабынан тандоо үчүн берилген окуу аудиториясы компьютерлер менен жабдылбаганс жана бул маселени СТК мамлекеттик деңгээлде чечүүгө кызыктар эмес. Сотторду тандоо процессине автоматизациялоо киргизилиши коррупциялык түзүлүштү төмөндөтүүгө алып келмек. Добуш берүү этабына өтүш үчүн алынган баллдын өтө аз болгондугу коркунуч туудурат. Добуш этабына өтүү үчүн максималдуу мүмкүнчүлүгү 70 балл болсо, 35 балл алган талапкер өтүп кете алат.

Биздин дарек: Бишкек шаары, Манас пр.16  (Москва көчөсүнүн кесилиши) 102 бөл, тел. (0312) 316232, Email:koom.kg@gmail.com   Веб сайт  www.koom.kg

Система Orphus