Качан Кыргызстанда мыйзамдар бирдиктуу талкулоого ээ болот???

добавлен 09 июля 2012 18:59
просмотров 938

 

 

 

Июль айында Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңешке Ош шаарынын тургуну Дыйканов Куштарбек кайрылган. Ал Жогорку соттун Э.Эсенгулова, Б.Жаманкулова жана Д.Кульматова  соттук коллегиясынын чечимине наразы болуп келген.

Иштин мааниси:

Дыйканов Куштарбек Ы,. Абдуллаевага жана жолдошу Т. Качикеевке 2007 жылы карызка    550 миң сом акча берет. Эки  жыл акчаны бере албай жүрүп, мен (Качыкеев) 1100000 сом акча кайтарып берем деп тил кат жазып берет. Акчасын кайтара албай калганда Дыйканов Ош шаардык сотуна кайрылат.

Соттук териштирүүсү:

20.04.2010 жылы Ош шаардык сотунун соту Кожомкулов Р.Б. доогер Дыйкановдорго доо арызы жарым жартылай канаттандырылсын деп жалпысынан 565000 сом – өдүрүлсүн деп чечим чыгарып берет. Утулган тарап апелляциялык арыз менен кайрылган эмес, иш мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин сотто касациялык арыз жазышат.

07.12.2010 жылы Ош облустук сотунун соттук коллегиясы: Н., Бакирова, И. Аширбаев, К.Кадыров бул ишти карап Ош шаардык сотунун чечимин толугу менен бузулуп жаңы чечим кабыл алат. Жоопкер Качикеев менен Абдуллаевадан доогер Дыйкановдун пайдасына  500000 өндүрүлсун, деп чечим чыгарып берет.

13.04.2011 жылы бул иш Жогорку сотто Э.Эсенгулова, С. Крицкая, (3 соттун фамилиясын укпай калыптыр) курамында каралып баштаганда, экинчи тарап биз жаңы адвокат алдык деп ишти токтотуп турганды суранышат. Дыйкановдор бул сурануга каршы болушат, анткени алар Оштон бери келишип, Бишкекте токтой турган жери жок болчу. Бирок тилеке каршы, сотто төрагалык кылган судья Эсенгулова, бул силердин көйгөйүңөр деп доогердин өтүнүчүн четке какты. Ошентип иш 22 апрель күнүнө  калтырылды. Дыйкановдор кайра 22 апрелде келе албастыгын билип Бишкеке өз өкүлүн калтырып кетет.

22.04.2011 жылы соттук коллегиясынын курамы алмашып калыптыр. Эми  бул ишти Э.Эсенгулова, Б.Жаманкулова, Д.Кульматова сот курамында карала турган болуптур. Бул соттук коллегия Ош шаардык сотунун 2010 жылдагы 20 апрелиндеги чечиминин жана Ош областык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын чечимин жокко чыгарып жаны чечим кабыл алышат. Ал чечимде жоопкерлер доогерге карызы жок деп табат, анысы аз келгенсип доогерге доо арыз берген учун 148537  сом мамлекеттик алым өндүрүп койот.

 

P.S. Жергиликтуу соттор менен Жогорку соттун судьялары мыйзамды эки башка талкуулаган учун доогер карызын өндүрө албай калды…..???

Система Orphus