Сот системасын козомолдоо боюнча жарандык кенешке Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Атакулов С.С жана Жалал-Абад областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары Чаканов Э.С., Саматов А.А., Сарыков Ю.С. чыгарган чечимине жана аныктамасына нараазы болуп, Жалал-Абад шаарынын тургуну Мырзабек уулу Иманали кайрылган.
Иштин манызы: Мырзабек уулу Иманали менен Аликеева Асеманын ортосунда ооз эки турдо келишим тузулуп, Мырзабек уулу Иманали Аликееванын уйундо курулуш иштерин жасап, прораб болуп иштеп ,кунуно 300 сом эмгек акысы толоп бере турган болгон.Жалпысынан алганда 8 ай иштеп,ооз эки келишимдин негизинде,бардыгы болуп 72000(жетимиш эки мин)сом толоп бериши керек болот.Ошондой эле сварка иштери боюнча 900 сом, стропила учун Мырзабек уулу Иманали озунун жанынан 7 даана терек берген, анын баасы 450 сомдон 3700 сом жана Жалал-Абад шаарынын Нагорный кичи районундагы кирпич заводунан 11020 сомдук кирпич алып берген.Ошондой эле Мырзабек уулу Иманалини эки жолу Бишкек шаарына жиберип, ага 6800 сом жол кире жумшалган. Ушул корсотулгон чыгымдардын баарын Аликеева Асема Мырзабек уулу Иманалиге, балдары акча жонотоору менен бермек болгон.Бирок курулуш иштери бутуп,чыгымдарды эсептешууго келгенде,Аликеева Асема Мырзабек уулу Иманалини кайра 2500 АКШ доллар жана 92600 сом карыз кылып койгон. Мырзабек уулу Иманалинин кайра эсептешели, сиз адашып калдыныз десе болбой койгон. 2009 жылы 5 сентябрында Аликеева Асеманын уулу Молдожанов Марат машинасы менен Мырзабек уулу Иманалини артынан кууп, балдар менен уйуно алып барып, уруп сабап, Мырзабек уулу Иманалиден Аликеева Асемага 2500 АКШ долларын жана 92600 сом карызмын жана 9 сентябрь 2009 жылга чейин толоп берем деген тил кат жазып беруусун талап кылып кыйнашкан.Ошол кезде балан менен кызынды ойло деп айтканда, Мырзабек уулу Иманали коркуп, алардын айтканындай кылып тил кат жазып берген. Аликеева Асема зордук зомбулук жана коркутуу менен жаздырып алган тил каттын негизинде, Мырзабек уулу Иманалиден 4604 АКШ долларын ондуруу боюнча Жалал-Абад шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган.
2010-жылы 17-майда Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Атакулов С.С. ишти карап чыгып, Аликееванын доо арызын толугу менен канааттандырган.Сот процесси журуп жатканда Мырзабек уулу Иманалини уруп тил кат жаздырып алганда карап турган Темирбаев Медетбек жана Джолдубаев Кылычбектин нотариалдык контора аркылуу куболондурулгон, Мырзабек уулу Иманалини коркутуп кыйнап тил кат жаздырышкан деген тушунук каттарына сот конул бурган эмес.
Кыргыз республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 59-беренесине ылайык (далилдер):
1. Мыйзамда белгиленген тартипте алынган жана алардын негизинде сот мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын талаптарына же каршы пикирлерине негиз болуучу жагдайдын, ошондой эле иштин туура чечилиши учун мааниси бар башка жагдайлардын болгондугун же болбогондугун аныктай турган ар кандай фактылай маалыматтар далил деп эсептелет
2. Бул маалыматтар тараптардын жана учунчу жактардын тушундурмєлєру, кубєлєрдун корсотмолору, жазуу жана буюм турундєгу далилдер, ун жана кєрмє жазуулар, эксперттин (адистердин) корутундулары менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 197-статьясына ылайык, алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун таасири астында, бир тараптын єкулунун экинчи тараптын єкулу менен кара ниеттик макулдашуусу боюнча тузулгєн бутум, ошондой эле экинчи жак пайдаланган шартка караганда жак єзу учун єтє оор шарттын келип чыгышынан улам тузууго аргасыз болгон бутум (аргасыз бутум) жапа чеккендин доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мумкун.
2010-жылдын 26-июлунда Жалал-Абад областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы, торагалык кылуучу судьялар Чаканов Э.С., Саматов А.А., Сарыков Ю.С.нын курамында,Мырзабек уулу Иманалинин апелляциялык тартиптеги арызын карап чыгып Жалал-Абад шаардык сотунун жогоруда корсотулгон чечимин озгортуусуз калтырууга аныктама чыгарган.
2010-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы торагалык кылуучу Кудайбергенов А.Н., судьялар Кульматова Д.С., Бекбоева Д.М. курамында, Мырзабек уулу Иманалинин козомол тартибинде келтирген даттануу арызы боюнча жарандык ишин карап чыгып, Жалал-Абад шаардык сотунун бул иш боюнча чечимин жана Жалал-Абад облустук сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясынын аныктамасын кучундо калтырган.
Мырзабек уулу Иманали озун коркутуп,тил кат жаздырып алган Жолдубаев Кылычбектин жана МаткайымовТашбайдын устунон арыз менен кайрылган.
2011-жылы 16-декабрында Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы Назаров Д.Д, жабырлануучу Мырзабек уулу Иманалинин арызы боюнча кылмыш ишин карап чыгып,Джолдубаев Кылычбекти КР КЖКнын 170-ст. 2-б. 2-п.,3-б. 2-п.(опуза талап) менен куноолуу деп таап, 6 жылга эркинен ажыратылсын, Маткайымов Ташбайды КР КЖКнын 246-ст.3-б.(башкага беру максатын коздобостон банги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жонотуу) менен куноолуу деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылсын, Маткайымов Ташбайга белгиленген жаза КР КЖКнын 63-ст. негизинде шарттуу деп эсептелинип, эки жыл сынак мооноту белгиленсин деп окум чыгарып берген.
2012-жылдын 07-февралында Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жонундогу иштери боюнча соттук коллегиясы, торагалык кылуучу Ибраев Ж.М., судьялар Молдобаев А.М.,Маматов А.О. курамында, Жолдубаев Кылычбек жана Маткайымов Ташбай жонундогу Сузак райондук сотунун 2011-жылдын 16-декабрындагы окумуно карата кассациялык тартипте келтирилген арызынын негизинде кылмыш ишин карап чыгып,Сузак райондук сотунун окуму бузулсун, кылмыш иши соттук башка курамда кайрадан карап чыгууга жонотулсун деп аныктама чыгарган.
Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 4 беренесине ылайык, (коргоо учун сотко кайрылуу укугу) таламы бар ар кандай адам мыйзам тарабынан белгиленген тартипте озунун бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо учун сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз.
P.S. Мырзабек уулу Иманалынын бузулган укуктарын ким коргойт жана ал адилеттулукту кай жерден издесе болот ?