Судьяларды дисциплинардык жоопкерчиликке тартуунун негиздери конституциялык мыйзамда, судьянын тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгон аракеттердин жана аракетсиздиктин толук тизмеси белгиленген. Бул судьяларга кандай аракеттер дисциплинардык жазага алып келиши мүмкүн экенин алдын ала билүүгө мүмкүндүк берет. Бирок бул маселеде кыйынчылыктар бар:
-
Укуктук аныктык (правовая опредеоленность) принциби субъективдүү чечмелөө үчүн орун калтырган бир катар формулировкаларды колдонуудан улам, толук ишке ашкан жок. Мыйзамдык так түшүндүрмөсү жок “орой бузуу”, “кынтыксыздыктын талаптарын бузуу”, “олуттуу тартип бузуу” сыяктуу баалоо категориялары, судьяларга алгылыктуу жүрүм-турумдун чектерин түшүнүү кыйынга турган кырдаалдарды жаратат. Бул укуктук белгисиздикке алып келип, бир эле жагдайда, контекстке же колдонуучу тарапка жараша ар кандай чечмелениши мүмкүн.
-
Этикалык жоопкерчилик дисциплинардык жоопкерчиликтен ажыратылган эмес. Венеция комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча өз корутундусунда этикалык нормаларды тартиптик эрежелерден бөлүүнү сунуштаган, анткени этикалык нормаларды бузуу дисциплинардык эмес, моралдык жоопкерчиликке алып келиши керек. Судьянын ар-намыс Кодексинде камтылган этикалык стандарттар моралдык жана этикалык категорияда түзүлгөн, аларды объективдүү баалоо кыйын.
-
Судьялар кеңешинин тартиптик практикасын талдоо, судьялардын жүрүм-турумуна баа берүүдө бирдиктүү мамиленин жоктугун көрсөттү. Окшош мыйзам бузууларга ар-башкача баа берилет экен: бир судья ыйгарым укуктарынан ажыратылса, экинчиси эскертүү алат, үчүнчүсү толугу менен жоопкерчиликтен бошоп кетет экен.
Кандай сунуш берет элек:
1. Укуктук аныктуулук принцибин толук ишке ашыруу. “Мыйзамды одоно бузуу”, “Судьянын ар-намыс кодексин одоно бузуу”, “кынтыксыздыкты бузуу” сыяктуу терминдердин так критерийлерин иштеп чыгуу жана башка баалоо категорияларын, Тартип комиссиясы жөнүндө жобого киргизүү зарыл.
2. Этикалык нормаларды дисциплинардык эрежелерден бөлүп, этика нормаларын бузууну тартиптик эмес, моралдык жоопкерчиликтин предмети кылуу.
3. Укуктарды колдонуунун сапатын жана бирдиктүүлүгүн жогорулатуу максатында Соттор Кеңешинин Дисциплинардык комиссиянын практикасын системалаштыруу жана жалпылаштыруу керек.
P S. Элестеткиле, Соттор кеңеши чыгарган чечимдер, прецеденттик негизде болуп, ар бир чыгарылган чечим кийинки чечимге таасир тийгизсе. Судьяларды жоопкерчиликке тартууда, бирдиктүү практикага келе алат белек?