Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ФБта бийликке сын жазган “Адис Жумгалов” деген аккаунт сеники деп кармалган Мамытов Алымбек аттуу баланын иши каралып атат. Мамытов Алымбек 1980-жылы алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлүп өскөн, уй-бүлөсү бар, 3 кыздын атасы. Көп учурда Россия жана Турцияга барып иштеп келчүү экен. Алымбекти 2023-жылдын 14-ноябырында кармап, ошондон бери СИЗОдо камалып отурат. Алымбек мырзаны КР КЖК 278-беренесинин 3-бөлүгү жана 327-берененин 2-бөлүгү менен айыптап атышат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 278-беренеси коомдук тартипке каршы кылмыштарга кирет “Массалык баш аламандыктар” деп аталат, 3-бөлүгү “ бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деп турат.
КР КЖК 327-беренеси “жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык коммуникациялык тарамдарды колдоонуу менен бийликти күч менен басып алууга же күч колдоонуп кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктарды жасаган” деп жазылган.
Алымбек мырза соттон көрсөтмө берип атып, мени аябай сабап мойнума алгызган деди. “Адис Жумгалов” деген аккаунт меники деп айтпасам, сабап өлтүрүп салышмак, сабоонун айынан бир көзүм көрбөй калды, дейт.
Эми кичине тушүндүрмө берип кетейин. КР КЖК 278-беренеси менен 327-беренени коюш үчүн, бул кылмыш иш деп аташ үчүн кылмышкерде ниет (умысел) жана массалык мүнөз (массовость) болуш керек. Алымбек Мамытов деген атты эчким тааныбайт, мигрант, үй-бүлөсүн багам деп башка өлкөлөрдө көп жүргөн биздин бир мекендеш. Анда бийликке келүү ниети кайдан болмок эле? Аркасында ээрчиген адамдары дагы жок. Адис Жумгалов деген сүрөтү жок аккаунтту ким ээрчийт эле? Фейк кантип бийликке келет эле? Ниет (умысел) жок, кантип ушул кыймыл аракетти кылмыш деп табышты? Кантип Алымбек элди көтөрүп бийлик басууга аракет көрөт эле, тиги фейковый аккаунтта жазылганына 5 адам лайк басып атса.
Алымбек Мамытов бир жылдан ашты СИЗОдо отурат, ден соолугу кеткен. “Адис Жумгалов” деген аккаунт ушул жигиттики болгондо дагы, ал бийликке карата сын пикирин айтты. Анын аркасында ниет (умысел) жок, эрчиген эли жок, кылмыш деп айтылбаш керек эле. Ошол фейк аккаунттагы сөздөрдү экспертиза кылган, баягы эле дежур эксперт Азамат Жанышбек уулу (Кемпирабатчыларга, Олжобай Шакирге ж.б. саясий иштерге корутундуну ушул эксперт берген).
24.12.2024-ж Биринчи Май райондук сотунда судья Сатарбек уулу Мирбек кылмыш иштин материалдарын изилдеп, кийинки сот отурумуна жарыш сөзгө даярдангыла, деп сот отурумун аяктады.
P.S. Ар бир иште кемчиликтерди эмнеге айтып туруу маанилүү – анткени кийинкиге сабак болуш керек, үн катпай койсок тергөөчүлөр каалагандай ишти чампалап алып келишет. Соттун чечими маанилүү, ал мыйзамдуу чечим чыгара алабы же жокпу, эмки соттук териштирүүдө билинет.