Жазуучу Олжобай Шакирге карата соттук өкүмдөрдүн хронологиясы.

добавлен 15 октября 2024 13:55
просмотров 93

 

 

2023 -жылдын 24-агустунда Улуттук коопсуздук  боюнча мамлекеттик комитет(УКМК) жазуучу-публицист Олжобай Эгембердиев (Олжобай Шакир) массалык башаламандыкка айыпталып атканын билдирип, камакка алышкан.

Ошол эле жылдын ноябрь айынын аягында тергөө иши аяктап, иш Чүй облусунун Аламудун райондук сотуна өткөн. Ишти судья Бекболот Жаналиев карап, 2023-жылдын февраль айынын аягына чейин карап, андан сон башка сотко ротация болуп, Олжобай Шакирдин иши Бактияр Матраимовго өткөн.

Бекболот Жаналиев соттук териштирүүгө Олжобай Шакирдин социалдык тармактарда айткан сөздөрүнө экспертиза жасап,  корутундуну даярдаган эксперттердин келишин талап кылган. Андан сырткары соттук териштирүүдө УКМКнын тергөөчүүсүн күбө катары алып келүүгө талап кылган, тилекке каршы УКМКнын тергөөчүүсү бир дагы жолу сотко басып келген эмес. Соттук отурумдар улам-улам чакырылган эксперттердин жана тергөөчүнүн келбегендигине байланыштуу жылдырылып атты.

Олжобай Шакирдин жактоочулары жазуучу-публицист Олжобай Шакирдин камалышына негиз болгон видеолорду көз карандысыз экспертизага берип,  2024-жылдын 1-апрелинде эксперттин "жапырт башаламандыкка чакырык жок" деген корутундусун судья Бактияр Матраимовго беришти.

Көз карандысыз эксперт сот залына келип, корутундусун окуп, Олжобай Шакирдин камалышына түрткү болгон видео кайрылууда калайман башаламандыкка чакырык жок экенин билдирген.

"Биз беш суроо бергенбиз, анын бири: "Башаламандыкка чакырык барбы?" - деген суроо болгон. Эксперт ага "Жок" деп жооп берди. Башка суроолор боюнча ушундай эле жыйынтыкка келди - деп жактоочу Акмат Алагушев экспертти толуктаган.

Улуттук илимдер академиясында иштеген эксперт Жоомарт Карабаев күбө катары 2023-жылдын 23-августунда УКМКнын тергөөчүлөрү Илимдер Академиясына келип, Азамат Жанышбек уулу аттуу экспертке тез арада экспертиза чыгартып кеткенин билдирген.
Ошентип 2024-жылдын 14-майында Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда, төрагалык кылуучу судья Бактыяр Матраимовдун Олжобай Шакирге карата окуму чыккан.

Ал жерде Эгембердиев Олжобай Шакирович КР КЖК 278-беренесинин 3-бөлүгү менен күнөөлү деп табып, 5 (беш) жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын жалпы тартиптеги абакта өтөсүн, деп турат.

2024-жылдын 15-июлунда Чүй областтык сотунун соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылган судья К. Есекеев, судьялар: Т.Аккозуев жана Н. Айтмырзаев жазуучу Олжобай Шакирге карата бир соттук отурумда тараптарды угуп Аламүдүн райондук сотунун Олжобай Шакирге карата  кабыл алынган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырылсын деп, окум чыгарышты.

Өкүмдө Жийдегүл Семенова өз экспертизанын корутундусунда: “Автор учурдагы бийликти мазактоо, басынтуу.... лингвистикалык белгилер камтылган” деп жазып кеткен.

Улуттук илимдер академиясында иштеген эксперт Азамат Жанышбек уулу эксперт катары сот танууга акысы жоктугун, экспертиза кылууга  сертификаты жоктугун белгилеген.

Көз карандысыз лингвистикалык экспертизаны соттук - эксперттик компетентүүлүк Сертификаты бар, филология илимдеринин доктору Н. Нарынбаева Олжобай Шакирге жасалган экспертиза эч кандай методология, эч кандай илимий булактар жок экендигин белгилеген.

Улуттук илимдер академиясында иштеген эксперт Жоомарт Карабаев Олжобай Шакирге карата соттук экспертиза УКМКнын тергөөчүлөрү тарабынан 30-мүнөттүн ичинде чыгартылып кеткенин жазышкан.

2024-жылдын 8-октябырында Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегия Олжобай Шакирге карата мурун чыгарылган 5 (беш) жылга эркиндигинен ажыратылсын, мөөнөтүн абакта өткөрсүн деген өкүмдү, калган 3 (үч) жылын пробациялык көзөмөлгө өзгөртүү боюнча  өкүм чыгарды.

P.S. Эркин жазуучу-публицист маанилүү маселелерди көтөргөнү үчүн кылмышкерге айланды.