Ленин райондук сотунда прокурор 11 журналистке 6 жыл эркинен ажыратууну сурады.

добавлен 26 сентября 2024 15:35
просмотров 364

 

 

2024-жылдын 26-сентябырында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда, судья Кылычбек Истамкуловдун төрагалыгында 11 журналистин иши өткөрүлдү.

Сот процессинде катышып жаткан приставдар, өз ыйгарым укуктарынан аша чабып, сизге отура турган орун жок деп, соттук залга киргизбөөгө аракет кылды.

Белгилей  кете турган нерсе: приставдар сот залындагы тартипти сактоого милдеттүү. Коридордон жол тосуп, сот залына киргизем же киргизбөөгө укугу жок.

Сот залына кирип, орун табып отургандан кийин сот териштирүү башталды. Бүгүн бир эксперт суралмак экен, ал сот залына келишин прокурорлор камсыздашы керек болчу. Судья сот териштирүүнү баштаганда, прокурор 5 мүнөттүк танапис сурады, экспертке телефон чалып алайын деп. Экспертке чалып, натыйжа чыкпагандыктан, судья сот териштирүүнү аяктады деп жарыялап, жарыш сөзгө (пренияга) өттүү.

Журналистердин адвокаттары видео тартууга уруксат сурашты, анткени процесске ЖМКлардын өкүлдөрү көп келиптир. Прокурор буга караманча-каршы чыгып, судья бул өтүнүчтү четке какты.

Сөз прокурорго берилип, журналистердин кайсы кыймыл-аракеттери  кылмыш экенин айта баштады: кымбат аппаратура сатып алып, материалдарды топтоп, ар кайсы темада материалдарды чыгарып, бийликти сындап, дискредитация кылып турушкан деп, узун сөзүн улантты.

Нурлан Сакпаев жана Таалайбек Абдыкожоев деген эксперттер журналистердин сөзүндө, экспертизага берилген материалдарда бийликке баш ийбөөгө чакырыктар жана улут аралык, дин аралык, регион аралык кастыкты жаратуу, элдин арасында башаламан ой жаратуунун лингвистикалык көрүнүштөрү бар, деп табып беришкен, деди.

Журналистердин 60 миң, 40 миң сом которулган деп, бир жылда эки жолу алган акчасын айлык дебей, башаламандык уюштурууга алынган акча катары көрсөттү. Камактагы: Тажибек кызы Махабат, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков жана үй камагында жүргөн 7 журналистке 6 жыл эркинен ажыратууну сурады.

Адвокаттар жарыш сөздө, бул иште кылмыштын курамы, кылмыштын окуясы жок экенин так, мыйзамдарга таянып белгилеп чыгышты.

Махабат Тажыбек кызы бул сот териштирүү сөз эркиндигине каршы сот болду. Кандай чечим чыкса, дүйнө жүзү биздин өлкөдө бийлик журналистерге, дегеле сөз эркиндигине кандай мамиле экенин далилдешет, ошондуктан, бул жөн жерден токулган кылмыш иштин алкагында бизди актап берүүңүздү сурайм, деди.

Азамат Ишенбеков: Экспертизага берилген материалдарда деп жалпылабай, кайсы материалда, сөздө чакырык бар экенин айтпайт белеңиз деп прокурорго кайрылды. Көрсө“эркиндик өзү келбейт, ал үчүн күрөшүш керек” деген сөздөн чакырыктын белгисин көрүшүптүр.

Сайпидин Султаналиев: 100 жыл мурун журналистика башталып атканда, кыргыздар гезиттин атын Эркин-Тоо деп атап, кийин ошол гезитти негиздеген адамдарды куугунтукка алышкан. Азыр деле, “эркиндик өзү келбейт, ал үчүн күрөшүш керек” деген сөз Манас эпосунан алынган сөздү башаламандыкка чакыруу дегени кандай. Бийликти туура эмес сындасак, анда эмнеге бизди Президенттин беделине шек келтирди деген берене менен жоопко тартышпайт? Баарыбызды бириктирип, күч менен бийликти басууга чакырык жасашкан деп айыптаган, акылга  сыйбаган нерсе, деп сөзүн аяктагы.

Максат Тажыбек уулу кармалганда адвокаттарын аларга киргизбей, 5 саат сыртта кире албай турганын, укуктарын бузулганын айтып берди.

Сапар Акунбеков мен стажер болуп эле бул ишке илинип калдым. Журналистик иликтөөдөн жабыркасам бир жөн, аны дагы кылган эмесмин, деп элди күлгүздү.

Жоодар Бузумов прокурор 6 жыл эркинен ажыратууну сураганынан ачууланып, эмне ишибиз үчүн, кайсы сөзүбүз үчүн, деп суроо койду. Макул, “эркиндик өзү келбейт, ал үчүн күрөшүш керек” деген сөздү ким айтты аныкташ керек, баарыбызга жалпылабай, деп сүйлөдү.

Актилек Капаров - журналистер репортаж даярдап, бийликти сындап деген сөз, жайында күн ысык, кышында күн суук дегендей эле сөз айтты прокурор, деп прокурордун сөзүнө сын айтты.

Тыныстан Асыпбеков эч бир кылмыш ишке катышкан эмесмин, коюлган айып жөн эле токулган жомок болуп калды, деди.

Экинчи октябрьда журналистерге  карата тандалган бөгөт кою чарасынын мөөнөтү аяктаганга байланыштуу, судья кеңешме бөлмөсүнө бөгөт кою чарасы боюнча аныктама чыгарууга кирип кетип, дагы эки айга мөөнөттү узартууну чечти. Кийинки отурум 2024-жылдын 3-октябырына жылдырылды.

P.S. Журналист болуу кылмышпы? Кымбат аппаратура алуу - кылмышпы? Материал топтоп жазып чыгуу - кылмышпы? Бийликти сындоо - кылмышпы?