ИИМ айыптоо актыны оптом чыгарганды качан токтотушат экен?

добавлен 22 июня 2024 15:08
просмотров 464

 

 

2024-жылдын 21-июнунда  Бишкек шаарын Ленин райондук сотунда судья К. Истамкуловдун төрагалыгында 11 журналист боюнча соттук териштирүү өттү. Бул күнү журналистерге айыптоо актысын жарыялоо уланды. Буга чейин болгон сот отурумда 11 журналистин алтоосу айыптоо акты менен таанышыптыр. Ушул отурумда Ишенбеков Азамат Ишенбековичке эмне кыймыл аракети үчүн айыпталып атканын угуза башташты. Эсимде калган сөздөрдү келтирип коеюн: “Бийлик органдарына каршы пикир жараткан видео материалдарды байма бай жарыялап келишкен.....тагыраак айтканда Айт Айт десе, Темиров Лайф 2024-жылдын 12 -январындагы соттук экспертизанын корутундусунда “30 жылдан бери креслосуна жабышып отурган аткаминерлерге, бир да жарым урматым жок деп, видеокайрылууда, качан мамлекетти өнүктүрөсүңөр......, өз чөнтөгүңөргө кана иштейсиңер....., бир кичинекей бизнес ачайын десең салык кызматы, милиция, черныйлар...., эркиндик жөн берилбейт, эркиндик үчүн күрөшүш керек....., Акаев, Бакиев, Матраимов, Дайырбек Орунбеков, Нарматова, Сатыбалдиев жана баарыңарга айтайын, силер эки досту саясий өлүк кылдыңар...өнүккөн өлкөлөрдүн саясатчылары эсептешкиси келбейт, достошпойт, аларды дүйнөлүк аренага киргизгенге тосколдук кылып жатасыңар....., мамлекеттин беделине доо кетирип бүттүңөр... геополитикада достук күтпөй эле, кастык күтүп калышты.......” деген сөздөр камтылган. Изилдөөгө берилген сөздөрдүн максаттуу багыты бар......бийликти сынга алуу менен коомчулука жаманатты көрсөтүп, коомчулуктуу манипуляциялап, ИИМ министирин Ниязбековду, ЖК депутаты Надира Нарматованы ар кандай сөздөр менен коомчулука жамандап, бийликти сынга алуу менен кыйыр формада массалык башаламандыкты уюштуруп........., адамдын ички жашоосуна кийлигишип, ал адамга (Ниязбеков, Нарматова....ж.б.) карата жалган маалымат жайылтып, коомчулуктун алдында бийликти дискредитациялоо жана массалык башаламандыкка чакырып жатат, деп экспертизанын корутундусун окуду.

Ушул жылдары “Айт Айт десе” жана “Темиров Лайф” командасы кымбат техника сатып алабыз деп 130 мин доллар проекттен алып, КР аймагында массалык башаламандык уюштурууну көздөгөн, дейт прокурор. 2-3 жылдын ичиндеги чыгарган иликтөөлөрүнүн баарын атап, экспертизадан өткөрүп, ошол видеолордо эмнени тапканын окууп берди.

Айтылган сөздөр Азамат мырзага таандык экен деп, аны менен абдан сыймыктана баштагам.

Ишенбековдон кийин  Орозбеков Акылбекке карата айыптоо актыны окуп баштаганда, анан Сайпидин Султаналиевге карата окуп атканда 11 журналистин айыптоо актысы ар бирине тиешелүү кыймыл аракетти көрсөтүү эмес эле, баарына бир жазылган айыптоо акт экени даана билинди.

Кемпирабат иши боюнча прокурор Медер Абдышев ачык эле айткан 25 айыпталып аткандардын 22 айыптоо актысы под копирку жазылган соң, ар бирине окугандын кажети жок, азыр Эрлан Бекчорого эле окуйбуз, калганыңар силерге дагы тиешелүү экенин билгиле деген. 11 журналистин айыптоо актысын прокурорлор алмак салмак, дыкат окуп чыгышты, под копирку деп айтууга баралган жок.

Соттук отурум кийинки жумага 28-июнга белгиленди, Ленин райондук сотунда.

P.S. Судьялар тергөө ишине дагы, прокурордун көзөмөл ишине дагы баа бериш керек, ошонусу менен алар өзүнчө бийлик бутагы. Айыптоо актынын сапаты начар болсо, прокурорлор ошол жерден тергөөчүгө жиберип, бекитпей кою укугу бар. Эми судья сапатсыз ишке кандай баа берет экенин көрөлү.