Өндүрүш Токтонасыровго карата козголгон кылмыш иштин хронологиясы.

добавлен 19 июня 2024 15:56
просмотров 683

 

 

2023-жылдын 30-июнунда эки белгисиз адам (жарандык кийимчен), ак түстөгү “Жигули” унаасы менен келип, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду алып кетишкен. Өндүрүш Токтонасыров расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар ​​аралык кастыкты козуткан деп шектелген. Ага карата 03-050-2023-000282 сандуу кылмыш иши козголгон. Токтом, линвистикалык экспертиза бул жерде.

2023-жылдын 7-июлунда активист Өндүрүш Токтонасыров КР ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган. Бул тууралуу анын жактоочусу Агзам Дүйшөналиев билдирген. Өндүрүш Токтонасыров расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар ​​аралык кастыкты козуткан деп шектелген.

2023-жылдын 11-июлунда активист Өндүрүш Токтонасыров КР ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган. Тергөөнүн токтомунда ал өзүнүн Фейсбуктагы аккаунтун расалык жана улуттук кастыкты үгүттөгөн маалыматтарды таратуу үчүн колдонгон деп айыпташкан. Токтонасыров адвокаты менен сурактан чыгып, азырынча кылмыш иш боюнча кубө катары өтуп жатканын билдирген.

2023-жылдын 2-августунда Өндүрүш Токтонасыров КР ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына (ИИБ) тергөөчү тарабынан иш материалдары менен таанышуу үчүн чакырылган. Аны жактоочусу Агзам Дүйшөналиев коштоп барган. Кылмыш иш буга чейин сотко жөнөтүлүп, иш материалдары 100дөн ашык барактан турган. Айыптоо лингвистикалык экспертизага таянган экен, ошондуктан фактыларды ийне-жибине чейин талдап, сотко объективдүү сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк берүүгө, сотко экспертиза жүргүзгөн адистерди чакыруу зарыл экенин билдиришкен.

2023-жылдын 11-сентябырында саат 15:00дө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда, судья И.Тажибаевдин төрагалыгында Токтонасыров Өндүрүш агайдын соттук териштирүүсү башталган. Прокурор айыптоо корутундусун жарыялап, андан соң судья Тажибаев айыпталуучунун укуктарын жана милдеттерин түшүндүргөн. Адвокаттар тил боюнча адистердин катышуусун камсыздоо боюнча өтүнүч менен кайрылып, өтүнүч канааттандырылган. Соттук отурум 21-сентябырга, саат 11:00гө жылдырылган!

2023-жылдын 21-сентябырында Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча соттук отурум 2-октябырга, саат 15:00гө жылдырылган.

2023-жылдын 2-октябырында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча соттук отурум уланган.  Соттук отурумда активистке карата протокол түзгөн ИИМнин тергөөчүсү Алмаз Жайчыбеков суракка алынган. Сот отурумунда ал Токтонасыровдун билдирүүлөрүнө көз салып турганын ырастаган, алар расалык жана улуттук кастыкты козутууга чакырыктар камтылганын жүйө келтирген, бирок бул боюнча бир дагы конкреттүү билдирүүнү көрсөтүп бере алган эмес. Сот отурумуна чакырылган лингвистикалык эксперттер келген эмес. Кийинки отурум 10-октябырга саат 14:00гө белгиленген.

2023-жылдын 10-октябырында Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча соттук отурум башка процесстин башталышына байланыштуу 24-октябырга жылдырылган.

2023-жылдын 24-октябырында Биринчи Май райондук сотунда активист Өндүрүш Токтонасыровго байланыштуу соттук отурум уланып, дин таануучу Медина Токонова Токтонасыровдун басылмаларында дин аралык кастык жок экенин билдирген, кийинки отурум 2-ноябырга, саат 10:00гө белгиленген.

2023-жылдын 2-ноябырында, эксперт-лингвист Н.Сакбаевди сурашкан, ал Токтонасыровдун макалалары башка улуттун ар-намысын басмырлап жатканын билдирген. Орускул деген сөзгө таянып кастык жаратты деген оюн жазыптыр. Орускул деген кыргызга таандык, Орускул деген ысым деле болушу мүмкүнбү, Жаманкул, Мамыркул сыяктуу? “Мен контекстин алгам” деп эксперт. Контекст сөздөн чыгатта, орускул деген сөз кастыкты жаратат деген оюн корутундуга жазып, адвокаттардын кээ бир суроолоруна жооп бербейм деген. Активист агайдын адвокаттары мыкты, сиз корутунду берген эксперт катары биздин суроолорго жооп бергенге милдеттүүсүз деп, экспертти жарга такашкан.

Эксперт, ызаланып “Бул адам кыргыздарды орустардын алдында орускул деп кемсинткен” деген. Бул бир кыргыздын экинчи кыргызга болгон эле мамилесиби? Эки улуттун эмне тиешеси бар, кастык каяктан жаралат, деген суроолорго жооп бере албай кыйналган. Соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 16-ноябырга чейин саат 16.30га чейин тыныгуу жарыяланган. Н.Сакбаевдин сурагын улантууну пландаштырышкан.

2023-жылдын 16-ноябырындагы, сот отурумунда адвокаттардын суроолоруна так жооп бере албай, кастыкты козууту боюнча эмнеге мындай тыянак чыгаруунун себебин так айта алган эмес. Эксперт өз корутундусун так далилдей алган эмес.

2023-жылдын 18 декабырында, Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча саат 16:30га белгиленген сот отуруму катышуучу прокурордун ооруп, ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу өтпөй калган.

2024-жылдын 12-январында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча соттук отурум уланган.

2024-жылдын 18-январында, Биринчи Май райондук соту активист Өндүрүш Токтонасыровдун ишин кароону уланткан. Отурумдун жүрүшүндө прокурор Мырзасапарова катышуусунда айыптоочу тарап кошумча комиссиялык лингвистикалык экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган. Судья И. Тажибаев кеңешүүчү бөлмөгө кирип, прокурордун өтүнүчүн канааттандырып берген.

2024-жылдын 27-майында саат 11:00дө Биринчи Май райондук сотунда активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча соттук териштирүү уланган. Эске сала кетсек, буга чейин сот кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө прокурордун өтүнүчүн канааттандырып, ал корутундуу даярдалганча соттук отурум токтотулуп турган.

2024-жылдын 07-июнунда Биринчи Май райондук сотунда Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча кезектеги отурум өттү. Адвокат Агзам Дүйшөналиев кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзгөн эксперттерди суракка алууну өтүнгөн, бирок прокурор Мырзасапарова биринчи экспертизаны өткөргөн эксперт суракка алынганын айтып, каршы болгон. Судья И. Тажибаев бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. Ошондой эле иш материалдарына айыпталуучунун оорусу, анын ичинде мээнин 2-даражадагы инсульту көрсөтүлгөн медициналык корутундусу киргизилген. Сот отуруму аяктап, кийинки отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгат деп, процесс 12-июнга саат 14:30га белгиленген.

2024-жылдын 12- июнунда Биринчи Май сотунда активист Өндүрүш Токтонасыровдун соту уланмак. Агайдын адвокаттары Кемпирабат ишинде катышканына байланыштуу, сот териштирүү 18-июнга жылдырылган.

2024-жылдын 18-июнунда Биринчи май райондук сотунда судья И. Тажыбаевдин төрагалык кылуусунда, укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун кылмыш иши уланган. Тараптар жарыш сөзгө чыгып, прокурор Мырзасапарова агайды 3 (үч) жылга эркинен ажыратууну жана сот залынан камакка алууну суранган.

 

Жарыш сөздө Өндүрүш Токтонасыров “мен болгону өзүмдүн оюмду жаздым, эч кандай ызычуу болгонго жагдайлар жок болчу, Конституциялык укугум менен колдондум. Көзкарандысыз эксперт Нарынбаева филология илимдеринин доктору эч кандай чакырык, эч кандай кастыкты козууту жок деди. Берки комиссиялык линвистикалык экспертизанын корутундусун даярдаган Жийдегүл Семенова, мен кыргыз жигитке орускул деп айткан сөзүмдү улут аралык кастыкты жаратуу деп табышкан. Менин ишимди саясий кысымга алуу деп билем, анткени тергөөчү мени чечки 21:00 чамасында, жанымдагы неберем бар экенине карабай алып кеткен. Чакырса барат элемда, эч жака качайын деген ой деле жок эле. Эң негизги булардын максаты мени коркутуу жана митингге чыккан демилгелеримди чектөө. Жөнеле пикет, митинг жасоо мага деле кызыктуу эмес, мен өз оюмду, жарандык позициямды, кайдыгер эмес жаран катары билдирип турамын”.

Токтонасыров Өндүрүштүн адвокаттары: Жаныш Бараков менен Агзам Дүйшеналиев жарыш сөзүндө мамлекет тарабынан жасаган экспертизаларга токтоп, ал жерде кандай мүчүлүштүктөр бар айтышкан. Кайсы жерден эксперттер четтен чыкканын, кайсы жерден суроо туура эмес коюлганын жана эксперттердин жоопторуна өзгөчө токтолуп, баасын беришкен. Сот отуруму аяктап, башка процесстин убагы келгендигине байланыштуу процесс кийинки күнгө, саат 9:30га белгиленген.

2024-жылдын 19-июнунда сот отуруму өз убагында башталып, дароо Өндүрүш Токтонасыровго сөз берилди. Агай ал жерде кандай жагдайда кармалганын, ким анын ишинде таасирин тийгизгенин, кайсы эксперттер кандай корутунду чыгарып бергенин айтып, актоо өкүмүн чыгарып берүүнү судьядан суранды. Судья И. Тажыбаев кеңешүү бөлмогө кетип, 30 мүнөттө Өндүрүш Токтонасыров коюлган айыпка тиешеси бар деп табып, 100 миң сом айып салуу боюнча өкүмун чыгарды.

P.S. Актоо өкүмдү күтпөй калганыбыз кызыктуу көрүнүш, судьялар тергөөнүн, көзөмөл органдардын абийрин ачканга даяр эместей.