Ишти кароо аягына чыгууда.

добавлен 01 февраля 2023 12:32
просмотров 393

 

 

31 январь 2023- жыл, Чүй облусунун Аламудун райондук сотунда төрагалык кылуучу судья Шанкаев Т.Т. айыпталуучу Ж.А. карата Кылмыш жаза кодексинин 282- беренеси 2-бөлүмү 1-пункту жана ошол эле берененин 3-бөлүмү,  205 -берене 3- бөлүмү  4 - пункту, 283-берене 1-бөлүмү менен,  айыпталуучу Л.А. 282-беренин 2-бөлүмү 1-пункту, 3 - бөлүмү менен жана айыпталуучу К.К. карата 282- берене 2- бөлүмү  1-пункту, 3- бөлүмү менен козголгон кылмыш ишин кароону уланты.

Сот отуруму саат 15.00 дайындалган, бирок прокурор жыйында болгонуна байланыштуу 30 мүнөттүк тыныгуу  жарыяланды.

Тыныгуудан кийин сот териштирүүнү жабык деп жарыялап,  жарыш сөзгө өттү.  Биринчи мамлекеттик айыптоочу сүйлөдү. Прокурор айыпталуучулардын күнөөсү толугу менен далилденгенин,  наркотикалык зат ири  өлчөмдө болгонун, айыпталуучулар бири-бирин жакшы тааныганын айтып, аларды күнөөлүү деп эсептеп, Ж.Ади 17 жылга, ал эми  Л. А. менен К.Кдү  13 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Айыпталуучу К.К. адвокаты анын күнөөсү жоктугун,  бала кезинен  ата-энесинен ажырап,  айыпталуучу Ж.А. менен турмуш куруу максатында сүйлөшүп жүргөнүн айтты. Наркотикалык зат салынган баштыкчада анын манжа издери жок, оперативдик байкоо Ж.Адин аркасынан гана болгонун, дагы бир айыпталуучу Л.А. менен сотко чейин тааныш эместигин,  кармалган күнү Ж.А. жигити катары элдешүүгө чакырганын, ал Ж.А. көтөрүп жүргөн сумкада эмне бар болгонун билбегендигин кошумчалады. Айыпталуучу мурда кылмышка тартылбагандыгын айтып, соттон К.Кдү актоосун  суранды.

Айыпталуучу Ж.Адин адвокаты анын кыймыл аракетинде наркотикалык затты жайылтуу максаты жоктугун, ал заты өзү колдонуу үчүн алып жүргөнүн айтып, коюлган беренени башка беренеге алмаштырууну,  ал эми уурулук фактысы боюнча актоо өкүмүн чыгарып берүүнү суранды. Айыпталуучу Л.А. жактоочусу ал таксист болуп иштерин айтып, кармалган күнү таанышы айыпталуучу Ж.А. телефон чалып бир жакка барып келишин сураган, ал кайда, эмне алып бара жатканын билген эмес, Ж.А. менен жүргөн К.Кдү да мурда тааныбаганын айтты.  Оперативдик байкоо айыпталуучу Ж.Анын артынан болгонун кошумчалады. Айыпталуучу мурда соттолгон эмес,  карамагындагы үч жашы жете элек балдары жана майып бир тууганы бар экенин белгилеп, актоо өкүмүн чыгарып берүүнү суранды.

Айыпталуучу К.К. кармалган күнү аны жигити элдешүү максатында чакырганын, сумкада эмне бар, аны каяка алып бара жатканын да билбегендигин, 8 айдан бери оюнда жок  нерсе үчүн камакта отурганын айтып (ыйлап), судьядан актап беришин сурады.

Л.А. жактоочусу айтканын колдоп, актоону суранды.  Айыпталуучу Ж.А. күнөөсүн мойнуна алып, ал менен чогуу отурган эки адам жөн жерден  кармалып жатканын айтып, аларды бошотууну, ал эми өзү үчүн жазаны жеңилдетип берүүнү суранды.

Сот тараптарды угуп кийинки  белгиленген күнгө чейин тыныгуу жарыялады.

Буга чейин бул иш боюнча сот отурумдары 2023-жылдын 18, 11- январь,  2022-жыл 20-декабрь  күндөрү  болгон.

18 – январь күнү прокурор менен Ж.Адин жактоочусу кечигип жатканына байланыштуу 40 мүнөттүк тыныгуу жарыяланып, андан соң сот отуруму улантылган. Ал күнү наркотикалык затты айыпталуучу Ж.А. колонияга берүү фактысы боюнча  күбөө  көрсөтмө берген, жана айыпталуучуга  суроолор берилген.

Жана ошондой эле прокурор  «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу алынган  деп бир сүрөттү отурумда көрсөтүп, суроолорду  айыпталуучу К.Кгө берген. Ал сүрөттө чынында ал экендигин билдирип,  бирок сумканын ичинде эмне  салынганын билбестигин айткан. Бул күнгө чейин да ушул сүрөт менен тергөөчүлөр коркутуп келгенин кошумчалаган.

Сүрөттү материалдарга тиркөө боюнча адвокат каршы болгон, анткени сүрөт «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары аркылуу тартылган болсо, өйдө жактан ылдый тартылмак. Сүрөт түз жерден тартылганын белгилеп жана ал боюнча эч кандай экспертиза өтпөгөнүн белгилеген.

Сурактан кийин прокурордун өтүнүчү боюнча иш материалдар толугу менен изилденген.

 

11- январь күнү айыпталуучу Ж.А. ижарага алып  жашаган  үйдүн ээси  күбөө катары суралган. Ж.А. ал жакта жалгыз жашаганын айткан, айыпталуучу  К.Кдү бир жолу, ал эми Л.Ати сотто биринчи жолу көрүп жатканы билдирген.

 

20- декабрь күнү конвойдун машинасы бузулуп, айыпталуучулар сотко алынып келбегенине жана прокурордун жок болгонуна байланыштуу сот  отуруму болгон эмес. Ошол эле күнү ишти кароонун  жана бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү узартылган.

Бүгүн 1-февраль саат 16.00 акыркы сот отуруму, айыпталуучулардын акыркы сөзү андан соң өкүм. Өкүм адилетү болот деп ишенебиз.

P.S. Башкы прокурор: «Ишке катышкан прокурор ишти эн жакшы билет, ал ички туюму менен коюлган статьянын санкциясында каралганды сураганга акысы бар» 

Бул  иш боюнча прокурор  эки адамга 13 жыл, бир адамга 17 жыл сурады.