Кайрадан сот отуруму башка күнгө жылдырылды.

добавлен 16 декабря 2022 16:29
просмотров 552

 

 

2022-жылдын 9-декабрь күнү саат 14.30га Чуй облусунун Аламудун райондук сотунун судьясы Т.Т.  Шанкаевтин кароосуна  Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси 3- бөлүгү менен  иш белгиленген. Сот залында бул ишке чейин коюлган  процесс бүтө элегине  байланыштуу, ишти кароо 50 мүнөткө  кеч башталды.  Сот отурумуна прокурор, эки адвокат катышты жана айыпталуучулар алынып келинди.

Судья отурумду ачык деп жарыялады, соттук отурумунда катчы бир адвокат кечигип келерин  маалым кылды. Судья  адвокаттын кечигип келүүсүнө байланыштуу 30 мүнөттүк тыныгуу жарыялоону билдирди. Бирок ага прокурор каршы болду, себеби мамлекттик айыптоочунун саат 16.00дө башка иши бар экенин билдирди. Судья прокурордун оюн угуп, 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялады.

Убакыт өткөн соң, судья  сот залына келип: "Кечигип жаткан жактоочу келген жок, ишти кароо башка күнгө жылдырылат" деп билдирди. Сот отурум 20-декабрь, саат 14.00гө белгиленди.