Жактоочу келбегенине байланыштуу, сот отуруму башка күнгө жылдырылды.

добавлен 01 декабря 2022 11:44
просмотров 458

 

 

2022-жылдын 28-ноябрында Чуй облусунун Аламудун райондук сотунун судьясы Шанкаев Т.Т.   Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 282-беренеси 3- бөлүгү менен,  саат 15.30да 3 жаранга карата иш карады. Сот отурумуна прокурор, эки адвокат катышты жана айыпталуучулар алынып келинди. Судья отурумду ачык деп жарыялады, жана ошондой эле бир айыпталуучунан жактоочусунун кеңце аркылуу келген арызын окуду. Арызда жактоочунун башке сотто отуруму бар болгонуна байланыштуу   бул сот отурумга келе албашы айтылган. Судья бул суроо боюнча катышуучулардын оюн сурады. Прокурор буга чейинки сот отурумда баардыгы келе алганы айтылып, соттук процесс ушул күнгө жылдырылганын айтты жана арыз боюнча чечимди соттун кароосуна калтырды. Келген адвокаттар да өз оюн билдирди. Айыпталуучулар маселени чечүүнү соттун кароосуна калтырышты. Сот ордунан кеңешип, сот отурумун 9-декабрь, саат 14.30 калтырды.