Үй бүлөлүк зомбулука карата кылмыштар жана жосундар

добавлен 01 ноября 2022 15:13
просмотров 404

 

 

2022-жылдын 1-жарым жылында  Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча жалпысы 103/103 иш каралган.

Анын ичинен 3/3 жазык иштери боюнча, 2/2 –иш Жоруктар жөнүндөгү Кодексинин негизи боюнча, 98/98-иш Укук бузуулар жөнүндөгү кодекси боюнча.

 Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү Кодексинин 75-беренесинин негизинде 2/2 иш каралып, алар Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 10-пунктунун негизинде декриминализациялого байланыштуу кыскартырылган.

Мисалы, Кыргыз Республикасыны ЖПКнин 27-бер. 1-б. 10-п. негизинде жосундун декриминалдаштуруга байланыштуу кыскартылган иш боюнча Нурмагамбетов И.П, 20.09.2020-жылы “Восток-5” кичи райоунунда өзүнүн жубайын В.Батуринаны ур-токмокко алып, натыйжада денесине жеңил жаракат келтирген.

Аталган сотко чейинки өндүрүш Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна 28.10.2020-жылы жөнөтүлгөн, бирок айыпталуучу И.Нурмагамбетов, сот отурумуна бир нече жолу келбегенине байланыштуу, иш боюнча мажбурлап алып келүү үчүн токтому чыгарылып жана сот отурумуна айыпталуучуну камсыз кылуу үчүн жиберилген.

31.03.2022-жылы Бишкек шаарынын Свердлов районунун соту тарабынан И.Нурмагомбетовго карата Кыргыз  Республикасыны ЖПКнин 27-бер. 1-б. 10-п. негизинде жосундун декриминалдаштыруга байланыштуу кыскартылган.

100/100-иштер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси боюнча каралган.

Кароонун жыйынтыгы менен 71/71 - адамга карата камакка алуу түрүндө жаза чарасы колдолунган, калган 27/27 - адамдарга коомдук иштерге тартуу боюнча жаза чарасы колдонулган.

Жогоруда көрсөтүлгөн үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 103 аял, анын ичинен 2 жашы жете элек кыз.

          Ал эми, азыркы учурда  үй-бүлөдөгү зомбулука карата 1 өтө оор кылмыш каралган. 

Тактап айтканда, К.К.К. 27.02.2022-жылы саат 03:30 чамасында Бишкек шаарынын өзүнүн үйүнүн ичинде алкоголдук мас абалында болуп туруп, өзүнүн сексуалдык мокумун кандыруу максатында, сексуалдык кылмышты жасоо адамдык ойго келбеген иш аракетин ашыруу үчүн, уйдүн бөлмөсүндө уктап жаткан өзүнүн 11-жаштагы кызын алсыз абалынан жана ал өзү жараткан атасы болгон ишеничтүүлүгөн пайдаланып, күч колдонуу менен эркинине каршы зоордуктап койгон.

19.04.2022-жылы тергөөнүн жыйынтыгы менен К.К.К. карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 154-беренесинин 4-бөлүгү менен айыптоо актысы бекитилип, кароо үчүн Бишкек шаарынын райондук сотуна жиберилген.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын өкүмү менен К.К.К. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 37-154-беренесинин 4-бөлүгү  менен күнөөлүү деп табылып ага карата 15 жылга эркиндигинен ажыратырылган.