Бийликтин элге альтернативүү маалымат берүүгө тосколдук жаратуусу.

добавлен 23 сентября 2022 16:13
просмотров 394

 

 

2022-жыл 21- сентябрь

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда судья У. Сатимкулов NEXT TV каналынын директору Таалай Дуйшенбиевге карата өкүм чыгарды.

Иштин маңызы:

Эсиңерге сала кете турган болсок, NEXT ТВнин телеграм каналына Казакстандын экс КНБсинин жетекчисинин, Украинанын ТИМнин орун басарынын сөзүн шилтеме менен берген. Бул материал ТВга дагы чыккан эмес, ошого карабастан NEXT ТВ каналдын жетекчисин камакка алып, ТВ каналды жаап салышкан. ТВнин жетекчиси СИЗОдо 7 ай отурду.

2022 жылдын 3-мартында телеграм каналында маалымат чыккан, ошол эле күнү кечинде NEXT ТВнин жетекчисине Кылмыш-жаза кодексинин 330 беренеси ” Расалык, этностук,улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу”  деген негиз менен кармап кетишкен. Жарым күндүн ичинде маалымат кастык жаратат деген эксперттердин корутундусу чыккан. Тергөө ишине 10 күн берилгенине карабай,  тергөөчү бул маалыматты ким илгенин аныктабай туруп, ошол эле берененин 2 пуктунун 3 бөлүгү  “Адамдардын тобу тарабынан” деп,  оорлонтуп, сотко жиберишкен.

Журналистик стандарттар менен караганда маалымат чыгарууда баардык эрежелер сакталган.

Сот Т. Дуйшенбиевди бул кылмышты жасаган деп таабып 5 жылга эркининен ажыратуу чечимин кабыл алды. Мөөнөтүнөн 3 жыл калганына байланыштуу, аны пробацияга берип, NEXT ТВнин жетекчисин сот залынан бошотуп, NEXT TV каналынын жабдыктарын кайтарып берилсин деген чечим чыгарды.

P.S. Бийлике жакпаган альтернативдүү ЖМКларды каалаган берене менен жабууга жол ачып коюшту.