Макулдашуу келишимдин негизинде кылмыш иш кыскартылды

добавлен 17 марта 2022 15:21
просмотров 512

 

 

2022-жылдын 14-март куну Токмок шаарынын судьясы  А. Арстанбек кызы Кырыгыз Республикасынын ЖКнин 200-беренеси боюнча кылмыш ишин караган. Отурум 14:00 го дайындалып, 10 мунотко кечигип башталган. Себеби, айыпталуучунун жактоочусу кечигип келди.

Соттук отурумдду судья ачык деп жарыялап, сот залына кимдер келгендиги тууралу соттун катчысынан сурады.  Соттук отурумга мамлекеттик айыптоочу, айыпталуучу, жабырлануучу жана алардын жактоочулары келгендигин билдирди. Процессте айыпталуучунун жактоочусу өтүнүч келтирди, өтүнүчтө айыпталуучу менен жабырлануучу өз ара элдешип алгандыгын билдирип, келтирилген чыгымдардын оорду толтурулганын, алардын ортосунда элдешүү макулдашуусу бар экендигин билдирди. Макулдашуунун негизинде аталган Кыргыз Республикасынын ЖК талаптарынын негизинде аталган кылмыш ишин соттон кыскартып берүүсүн сурады. Мамлекеттик айыптоочу, тараптар соттук отурумда жарашып, макулдашуу элдешүүгө жетишсе Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун негизинде кыскартууга мыйзам жол берерин билдирип, аталган жактоочунун өтүнүчүнө каршы эмес экендигин билдирди. Судья тараптардын пикирлерин сурап кенешүү бөлмөсүнө калып, соттун катчысы тараптарды кабинетти бошотуусун сурады. Бир-нече убакытттан кийин тараптар жана катышуучулар сот залына кирди. Судья томондогудой токтом чыгарды: "Макулдашуу элдешүүгө жетишкен жагдайда каралып жаткан кылмыш иши Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун негизинде кыскартылсын". Ошол менен сот залы жабык деп жарыяланды.