Ош ТВ: соттун кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты

добавлен 31 января 2022 16:08
просмотров 907

 

 

Бул маалымат ОШ ТВ телеканалынын интернет-баракчасынан алдынды. Шилтеме бул жерде. 

31-январда Ош облустук жана шаардык соттун аппарат кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышып, айлыктарынын аз экенин билдиришти. Соттун төрагасы кызматкерлерге жабык жыйын өткөрөрүн айтып, журналисттерди киргизген жок.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Турат кызы аппарат кызматкерлеринин айлыгы чындап эле аз экенин белгиледи.

“Биздин аппарат кызматкерлери бүгүн эрте мененден баштап, нааразычылык акциясына чыгабыз деди. Себеби бизде айлык аз. Биздин башка көйгөйлөрүблүз бар мисалы бала бакчага балдарыбызды беребиз. Башка көйгөлөрүбүз бар дешти. Ар биринин өзүнүн көйгөйү бар. Негизгиси айлыктын аздыгы”,- деди Айпери Турат кызы.

Ал кошумчалагандай, соттун аппарат кызматкерлери алты миң сомдон сегиз миң сомго чейин айлык алса, соттун жардамчылары 12 миң сомго чейин ал эми соттор өздөрү 60 миң сомго чейин алышат.

P. S. Чынында эле бул маселе коптон бээри талкууланып келет, бирок чечилбейт. Сот системасынын бир чон маселеси. Айлыктын аздыгынан аппаратын кызматекерлери ордуна копко кармалбайт. Албетте бул соттун ишинин сапатына да таасирин тийгизет. Бир сот бийлиги бул суроону даагы эле чече элек.