2022-жылдын 21-январь күнү Ош облустук сотунда жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында: төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К., судьялар: Кубатов А. Э. жана Закиров С. Ж. КР ЖКнын 130-беренеси менен айыпталган К. М. нын кылмыш ишин караган. Сот отуруму 11:00гө дайындалып өз убагында башталды. Биз бул иш жөнүндө жазып келе жатабыз.
Соттук коллегия процессти ачык деп жарыялап, катчыдан келгендер жөнүндө сурады. Сот отурумуна айыпталуучуну конвой менен камсыз кылышкан, мамлекеттик айыптоочу жана айыпталуучунун адвокаты келген.
Төрагалык кылуучу айыпталуучунун адвокатына өтүнүчтөрдү берүүсүн улантса болоорун айтты. Белгилеп кетсек буга чейинки сот отурумунда айыпталуучунун мурдагы адвокаты К. А.ны күбө катары чакырып суроо өтүнүчү келтирилген жана ал өтүнүчтү соттук коллегия канааттандырган. Андан кийинки өтүнүч аягына чейин окулбай калган. Анын себеби иш убакты бүтүп калганына байланышту болгон.
Келген күбөнун өздүгү такталып, укук-милдеттери түшүндүрүлдү.
Айыпталуучунун адвокаты суроо берип баштады. Суроолор төмөндөгүчө болду:
Бул суроолорго күбө К. А. төмөндөгүдөй жооп берди:
Жогорудагы жоопторду берип жатканда айыпталуучунун процессуалдык укугу одоно бузулганын айтып, биринчи инстанцияда караган судьянын үстүнөн дисциплинардык комиссияга 26 жолу арыз жазылгандыгын белгилеп кетти.
Күбөгө суроолор берилген соң ал сот залынан чыгып кетти.
Айыпталуучунун адвокаты өтүнүчүн улантып окуп жатканда түшкү тыныгуу болуп калгандыгына байланыштуу сот отуруму жылдырылды.