Жумуш куну аяктагандыгына байланыштуу сот отуруму башка кунго калтырылды

добавлен 25 января 2022 10:54
просмотров 480

 

 

                2022-жылдын 18-январь күнү Кадамжай райондук сотунда  судья Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевичтин төрагалыгында КР ЖКнин 123-125-беренеси боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү. Сот отуруму 16:00 гө белгиленип өз убагында башталды. Судья процессти ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Судья тараптардын өздүгүн тактоого өттү. Айыпталуучу жана жабырлануучуга судья тарабынан укук жана милдеттери түшүнтүрүлдү. Прокурор тарабынан айыптоо актысы угузулду. Андан кийин жабырлануучуга сөз берилип, ага жалган көрсөтмө берген учурда мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы эскертилип, кол койдурулду. Жабырланууга иш боюнча мамлекеттик айыптоочу, жактоочу тарабынан бир сааттан ашык  суроолор берилди. Жабырлануучуга судья тарабынан айыпталуучуга карата кандай чара көрүүнү суранасыз деп суралды. Ал мыйзам чегинде чара көрүшүңүздү өтүнөм деп жооп берди.  Сот залына күбөлөр чакыртылды. Бирок сот отуруму иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу 2022-жылдын 2-февралына саат 14:00 гө калтырылды.