Адвокат ишти башка кунго жылдырууну отунду.

добавлен 21 января 2022 16:25
просмотров 495

 

 

2021-жылдын 19-январь күнү Ош облустук сотунда жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында: төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К., судьялар: Жунусов З. Т. жана Исажанов К. С.  Саат 14:00гө КР ЖКнын 130-бер. 1-б., 253-бер. 1-б. менен айыпталган К. у. Н.тин   кылмыш иши дайындалган, бирок сот отуруму кечигүү менен саат 14:40та башталды.

Соттук коллегия сот отурумун ачык деп, катчыдан келгендер жөнүндө сурады. Сот отурумуна айыпталуучу К. у. Н.ти конвой менен камсыз болду, ошондой эле жабырлануучунун адвокаты жана мамлекеттик айыптоочу келген. Ал эми айыпталуучунун адвокаты келген эместигин белгилеп кетти.

Соттук коллегия айыпталуучунун адвокатынан башка күнгө жылдырып берүүсүн өтүнгөн арыз түшкөнүн айтып, тараптардан оюн сурады. Мамлекеттик айыптоочу жана жабырлануучунун адвокаты каршы болгон жок.

Соттук коллегия сот отурумун 26-январга жылдырды.