Айыпталуучу тараптын бир да отунучу канааттандырылбай жатат

добавлен 17 января 2022 10:18
просмотров 544

 

 

2021-жылдын 11- январь күнү Ош облустук сотунда жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында: төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К., судьялар: Кубатов А. Э. жана Закиров С. Ж. КР ЖКнын 130-беренеси менен айыпталган К. М.тин   кылмыш ишин караган. Сот отуруму 15:30га дайындалып өз убагында башталды. Бул Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча чуулу иш. Биз бул иш жөнүндө жазганбыз

Соттук коллегия процессти ачык деп жарыялап, катчыдан келгендер жөнүндө сурады. Сот отурумуна айыпталуучуну конвой менен камсыз кылышкан. Андан сырткары мамлекеттик айыптоочу, айыпталуучунун адвокаты менен жакындары келишкен. Төрагалык кылуучу:«Өтүнүчтөр барбы?»,- деп сурады. Айыпталуучунун адвокаты өтүнүч келтирди. Ал буга чейинки үч баллистикалык экспертизанын корутундуларында суроо жараткан жана такталбаган көптөгөн жүйөлөр бар экендигин белгилеп, комиссиялык экспертиза дайындоо өтүнүчтөрүн келтирген. Бирок соттук коллегия ар дайым ал өтүнүчтөрдүн бирин да канаттандырбагына байланыштуу бул сапар айыпталуучунун адвокаты анын мылтыгынын окторун алып келип сызгыч менен октун контейнерин жана дробун (коргошунун) өлчөп соттук коллегияга көрсөттү. Ал жерде чынында эле баллистикалык экспертизанын кортундусунда көрсөтүлгөн размерлерден айырмаланып чыкты. Ошол себептен кайрадан эле баллистикалык комиссиялык экспертиза дайындоону өтүндү. Прокурор  канаатандырууга негиз жок деп каршы болду. Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнө чыгып келип бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Кайрадан эле айыпталуучунун адвокаты соттук медициналык комиссиялык экспертиза дайындоону суранды. Бирок соттук коллегия бул өтүнүчтү да четке какты.

Сот отуруму башка күнгө жылдырылды.