Назначена повторная экспертиза...

добавлен 13 января 2022 18:24
просмотров 926

 

 

13 января 2022 года в Ленинском районном суде г. Бишкек под председательством судьи Тентимишова М. Б. продолжилось рассмотрение уголовного дела в отношении Б. к. Г, обвиняемой по ч.1 ст. 315 УК КР от 2 февраля 2019 года «Изготовление, распространение экстремистских материалов». Об этом деле мы уже писали.

Заседание было назначено на 13:45 ч., но началось на 15 минут позже из-за предыдущего процесса. Судья объявил заседание открытым,  секретарь доложила о явке участников. На заседании присутствовали: прокурор, обвиняемая и ее адвокат. Защитник Кожоакматов Т. зачитал свое ходатайство о назначении повторной религиоведческой экспертизы. В обоснование он указал  то, что первичная экспертиза не смогла ответить на поставленные вопросы. Также адвокат обратил внимание участников на то, что эксперт-религиовед на предыдущем заседании давала показания, и не смогла четко ответить на вопросы. В связи с этим, для всестороннего и объективного рассмотрения адвокат попросил перед экспертами поставить следующие вопросы:

  1. Относятся слова, сказанные Б. к. Г. к какому либо религиозному сообществу?
  2.  Если относятся то, к какому именно сообществу?
  3. Каким образом вы пришли к этому выводу?
  4. Какая литература и материалы были использованы при исследовании?
  5. Числятся ли они на сайте Министерства юстиции КР как экстремистские?

В состав экспертной комиссии  он попросил включить Председателя Совета улемов Садиллаева К., заместителя муфтия КР Маликова К., и авторитетного религиозного деятеля Мыктыбек Арстанбека.

Судья поинтересовался мнением сторон по заявленному ходатайству. Обвиняемая поддержала адвоката. Прокурор попросил отказать в удовлетворении, так как первичная экспертиза ответила уже на все поставленные вопросы. Выслушав мнение сторон, судья удалился в совещательную комнату. В итоге председательствующий удовлетворил ходатайство о назначении повторной религиоведческой экспертизы.

P. S. Напомним, что гражданку Б. к. Г. обвиняют в том, что в ее выступлении, а точнее в одном предложении  «…мы не исправимся до тех пор, пока не будем жить по законам Шариата...» есть экстремистские призывы, направленные на свержение светской власти.

 

Кайрадан экспертиза дайындалды

2022-жылдын 13-январында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья М.Б.Тентимишовдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 315- беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыпталган Б.К.Г. карата 2019-жылдын 2-февралындагы "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" боюнча кылмыш ишин кароо болуп өттү. Бул иш боюнча биз буга чейин жазганбыз.

Сот отуруму саат 13:45ке белгиленген, бирок мурунку процесске байланыштуу 15 мүнөт кечигип башталды. Судья жыйынды ачык деп жарыялады, катчы катышуучулардын катышуусу тууралуу маалымат берди. Жыйынга прокурор, айыпталуучу жана анын жактоочусу катышты. Жактоочу Т.Кожоакматов экинчи жолу диний экспертиза дайындоо жөнүндө арызын окуп берди. Негиздөөдө ал баштапкы экспертизага коюлган суроолорго жооп бере албагандыгын белгиледи. Адвокат ошондой эле өткөн жыйында диний эксперт көрсөтмө берип, суроолорго так жооп бере албаганына катышуучулардын көңүлүн бурду. Ушуга байланыштуу, ар тараптуу жана объективдүү кароо үчүн жактоочу эксперттерге төмөндөгү суроолорду берүүнү өтүндү:

1.Б.K.Г.,нын айткан сөздөрү кандайдыр бир диний жамаатка тиешелүүбү?

2. Эгер ошондой болсо, кайсы жамаатка?

3. Мындай жыйынтыкка кантип келдиңиз?

4. Изилдөөдө кандай адабияттар жана материалдар колдонулган?

5.Алар КР Юстиция министрлигинин сайтында экстремисттик деп жазылганбы?

Ал эксперттик комиссиянын курамына улемдер кеңешинин төрагасы К.Садиллаевди, КР муфтийинин орун басары К.Маликовду, абройлуу диний ишмер Мыктыбек Арстанбекти киргизүүнү суранды.

Судья айтылган өтүнүч боюнча тараптардын пикирине кызыкты. Айыпталуучу жактоочуну колдоду. Прокурор канааттануудан баш тартууну өтүндү, анткени баштапкы экспертиза бардык суроолорго жооп берген. Тараптардын пикирин уккандан кийин судья кеңешүүчү бөлмөгө кетти. Жыйынтыгында төрагалык кылуучу  кайрадан диний экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандырды.

Эске салсак, жаран Б.к.Г. өз сөзүндө, тагыраагы, бир сүйлөмдө "Биз шариат  мыйзамдары менен жашамайынча оңолбойбуз" деген светтик  бийликти кулатууга карата экстремисттик чакырыктар бар.