Аудио жазуу жургузууго каршы болгон судья

добавлен 13 января 2022 16:45
просмотров 765

 

 

2021-жылдын 11-январь күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Курманбеков Т. У. КР ЖКнын 319-бер. менен айыпталган Б. К., Н. Ч., Э. А.лардын жазык иши саат 14:00гө белгиленген.

Сот отуруму саат 14:30да башталды. Төрагалык кылуучу сот отурумун ачык деп жарыялап, катчыдан келгендер жөнүндө сурады. Сот отурумуна айыпталуучулар, алардын  эки жактоочусу, күбөлөр жана мамлекеттик айыптоочу келген.

Төрагалык кылуучу дагы бир ирет соттук курамды жарыялап, бардык процессуалдык нормаларды сактоо менен баштады. Бирок судья сот залында отургандарга  телефондорду өчүрү жана видео, аудио жазууну  жүргүзгөнгө уруксат берилбешин айтып кетти. Айыпталуучулардын бирөөсү жактоочусу келбегенин айтты. Аталган жактоочу  кийики эле сот залында башка процессте отурганы белгилүү болуп төрагалык кылуучу 20 мүнөткө тыныгуу жарыялады.

Тыныгуудан кийин да жактоочу  келген жок. Төрагалык кылуучу сот отурумун улантуу боюнча тараптардын оюн сурады. Айыпталуучу жана калган жактоочулар каршы болушту. Ошол себептен сот отуруму 17-январга жыдырылды.

P. S. Төрагалык кылуучу аудио жазууну жүргүзгөнгө болбойт дегени туура эмес.  Анткени ЖПКнын 291-бер.5-п. так, даана: «Ачык сот отурумуна  катышкан адамдар аудио жазууну жана жазууну жургузуго укуктуу» деп жазылган.