Судья жана мамлекеттик айыптоочу сот отуруму учурунда айтыша кетишти

добавлен 23 декабря 2021 11:11
просмотров 756

 

 

2021-жылдын 21-декабрь күнү Баткен райондук сотунда судья Жолдошалиев Расул Абдыракмановичтин төрагалыгында КР ЖКнин 315-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган С.К.О.,го  карата кылмыш иши каралды. Сот отуруму саат 14:00 гө белгиленип, бирок прокурор жана жакточунун кечиккендигине байланыштуу 15:31 де башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер тууралуу маалымат берди. Процесс башталганда судья тараптарды эмне үчүн кечиккенин сурады. Жактоочу белгиленген саатты адаштырып 16:00 гө деп жанылышканын билдирди. Ал эми мамлекеттик айыптоочу эмнеге кечиккени тууралуу үн катканы жок. Иш боюнча судья айыпталуучуга карата жиберилген расмий тилдеги пробацияны тараптарга угузду. Бирок айыпталуучу орус тилин түшүнбөгөндүктөн которуп берүүнү суранды. Анын өтүнүчү канаатандырылып, 15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

Тыныгуудан кийин сот отуруму улантылып, айыпталуучуга карата пробацияда катачылыктар бар экендиги маалым болду. Анда айыпталуучу Ж.Д.У., буга чейин соттолгон эмес болсо да аны соттолгон деп көрсөткөн. Мындан сырткары анын балдары жок деп маалымат берилген. Бирок ал менин 4 балам бар деп айтты. Ошол учурда мамлекеттик айыптоочу пробацияны которуп берүүнүн  кажети жок жана мыйзамсыз аракет деп судьяга каршылык билдирди. Бирок судья Ж.Д.У.,нун  укутарын коргоо максатында, анын өтүнүчү эске алынат деп жооп кайтарды. Мамлекетик айыптоочу ага карабастан мыйзамда жок ишти жасап жатабыз деп туруп алды. Судья мамлекетиик айыптоочунун сөздөрүн эске албай котормочуну ишин улантуусун сурады. Судья тараптарды угуп, келтирилген документтердин негизинде пробацияда Ж.Д.У.,нун буга чейин соттолгону жана балдары жок деген маалыматты дагы бир жолу тактоо үчүн, сот отурумун башка күнгө жылдырууну билдирди. Бирок мамлекеттик айыптоочу  да жактоочу  да ишти бүгүн карап чечим кабыл алууну өтүндү. Ал эми судья мындай учурда айыпталуучуга карата пробацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды  такташыбыз керек, ансыз мен ишти улантып, чечим кабыл алуум туура эмес, мыйзамга каршы деп жооп берди. Бир кезде судья жана прокурор кайым айтыша кетишти. Ошентип саат 17:00 гө чейин тыныгуу жарыяланды. Тыныгуудан кийин судья ишти кайра кароону 2021-жылдын 22-декабры саат 11:00гө калтырды.