Баткен райондук сотунда жумушчу графиги жок болсо да сот отурумдары откоруло берет

добавлен 22 декабря 2021 14:16
просмотров 479

 

 

2021-жылдын 21-декабрь күнү Баткен облусунун Баткен райондук сотуна мониторинг жүргүзүлдү. Соттордун жумушчу графигине байкоо салганда, сот процесстеринин ыраттамалары бир жума жаңыланбаганына күбөө болдук.

Жумушчу графиги жаңыланбаган судьялар:

1.Төрага- Оморов Расул Бактыбекович;

2. Судья- Ажимуратов Болотбек  Камилович;

3. Судья- Турдуманбетова Индира Таштанбековна

Бул көрүнүштөр боюнча байкоочу ар бир судьянын катчысына кайрылган. Төрага Оморов Расул Бактыбековичтин катчысы: “Төрага бүгүн жумушка чыкты, ошондуктан анын графиги эми илинет”,- деп жооп берди. Ал эми Судья Ажимуратов Болотбек  Камиловичтин 2021-жыл 21-декабрга саат 10:00 дөн баштап сот отурумдары болгон. Ошого карабастан анын жумушчу графиги 13-декабрдан тарта такыр жаңыланган эмес. Байкоочу тараптан: “Кантип жумушчу графиги бир жума жаңыланбастан сот отурумдары өткөрүлдү?”,-деген суроого  “Унутуп калыптырмын”,- деп жооп берген. Катчы ошол замат графикти жаңылап, илип койгонго да жетишти. Дагы бир судья Турдуманбетова Индира Таштанбековна буга чейин ден-соолугуна байланыштуу өргүүгө чыкканы маалым болду. Бирок анын эски ыраттамасы алып салынган эмес.

PS: Байкоочу: ”Бул көрүнүш боюнча байкоочу катары өз пикиримди айта турган болсом, мындай жоопкерчиликсиз жана кайдыгер катчылар менен кантип судьялар иштешип жатат деген суроо мени кыйнайт. Анткени ар жума сайын жаңыланышы керек болгон жумушчу графиги бир жума өтсө да жаңыланбай тура берет. Эң кызыгы жумушчу графиги жок деле сот отурумдарына катыша берген судья  Ажимуратов Болотбек  Камиловичке   да таң калдым. Катчыларга эмнеге мындай жоопкерчиликсиз мамиле жасайсыңар деп сурасаңыз, кылы да кыйшайбай «унутуп калыптырмын» деп жооп беришет. Албетте мен бардык катчыларды жоопкерчиликсиз деп айтуудан алысмын, арасында жоопкерчиликтүү, өз милдетин так аткаргандары да бар. Бугүнкү көрүнүштү мен биринчиден судьяларга болгон урматсыздык жана жарандарды сыйлабастык деп айткан болот элем.”