Согласно новому УК КР, наказание по ст.313 смягчено

добавлен 14 декабря 2021 13:43
просмотров 866

 

 

В 11.00 часов 14 декабря 2021 года у судьи Первомайского районного  суда г. Бишкек Сатимкулова У. продолжилось рассмотрение уголовного дела в отношении Темирбекова А. обвиняемого в совершении преступления предусмотренного ст.313 ч.1 УК КР (в редакции 2017 года).  Мы об этом писали. Судья  объявил заседание открытым и продолженным, далее объявил,  какое дело слушается и о том, что не осуществляется аудио-видео фиксации. Далее секретарь доложила о явке лиц, пришли обвиняемый и его адвокат, отсутствовал прокурор. Затем председательствующий дал  обвиняемому выступить с последним  словом.  Он раскаялся в содеянном преступлении, попросил прощения, и обещал, что впредь такого больше не повторится.

Судья,  выслушав последнее слово обвиняемого, удалился в совещательную комнату для принятия решения. Через некоторое время, выйдя, огласил следующий приговор: обвиняемого Темирбекова А. признать виновным в совершении преступления предусмотренного ст. 330 ч.1 УК КР и  назначить наказание в виде штрафа в размере 1000 расчетных показателей т.е. 100000 сомов в пользу государства.  Вещественное доказательство, в виде телефона марки «Redmi» черного цвета, после вступления данного приговора в законную силу вернуть обвиняемому. Также объявил о сроках обжалования приговора.

В конце заседания судья объяснил что статья была переквалифицирована  с ст.313 ч. 1 УК КР ( в редакции 2017 г.) на ст. 330 ч.1, так как норма нового УК КР предусматривает мягкое наказание, после чего объявил заседание закрытым.  

КР жаңы Кылмыш-жаза кодексине ылайык, 313-берене боюнча жаза жеңилдетилген

2021-жылдын 14-декабрында саат 11.00дө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы У.Сатимкулов КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган деп айыпталган А.Темирбековго карата кылмыш ишин кароону улантты (2017-ж. өзгөртүүлөр менен).Биз бул тууралуу буга чейин жазганбыз.Судья отурумду ачык деп жарыялап, ишин улантып, андан соң кандай иш каралып жатканын айтып, аудио-видео тартуу жүргүзүлбөй жатканын билдирди. Андан кийин катчы тараптардын келгендиги боюнча малымат берди, айыпталуучу жана анын жактоочусу келди, прокурор келген эмес. Андан соң төрагалык кылуучу айыпталуучуга акыркы сөздү берди.Ал кылган кылмышына өкүнүп, кечирим сурап, мындан ары мындай көрүнүш кайталанбасын убада кылган.

Айыпталуучунун акыркы сөзүн уккан судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.Бир аздан кийин кайтып келип, төмөнкү өкүмдү жарыялады:айыпталуучу А.Темирбеков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 1000 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айыпка, б.а. 100 000 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.Бул өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кара түстөгү Redmi үлгүсүндөгү телефону, материалдык далилдер айыпкерге кайтарылып берилет. Ошондой эле сот өкүмүнө каршы даттануу мөөнөтүн да жарыялады.

Жыйындын соңунда судья берене КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнөн кайра квалификацияланганын түшүндүрдү (2017-жыл түзөтүүлөр менен). КР 330-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жаңы Кылмыш-жаза кодексинин нормасында жеңил жаза каралгандыктан, ал жыйынды жабык деп жарыялады.