7 декабря 2021 года Совет по отбору судей КР начал конкурсный отбор на одну вакантную должность судьи Ак-Суйского районного суда Иссык-Кульской области. Заседание состоялось в составе: председателя Камчыбекова Ш. Р., зампредседателя Жолдошовой Л. Ч., и членов Совета Дюшеналиева Б. Т., Барыктабасовой Л. Ч., Динеева М. С., Качкыналиевой Ч. Ш., Арызбаева А. С., Сатылганова Б. Ы. На заседании отсутствовал член Совета Сулайманов Ж. А.
Трое кандидатов выполнили письменное задание, затем в 10:48 началось собеседование по определению профессиональных и волевых качеств.
Первой была Абдыбекова Гульзат Алдаярбековна. Она заочно окончила КГЮА, срок обучения – 4 года. Абдыбекова Г. А. занимается адвокатской деятельностью и имеет 15 лет юридического стажа. По итогам компьютерного тестирования она набрала 94 баллов. Во время беседы конкурсант рассказала о политических режимах, об институте пробации и озвучила понятие юридического лица. Один из членов Совета попросил ее рассказать об отличии филиала юридического лица от представительства юридического лица, но претендент не смогла дать точный ответ. По итогам собеседования кандидат получила 47,875 баллов.
Далее в зал заседания пригласили Абдырахманову Айдай Болотбековну. Претендент очно окончила юридический факультет КГНУ им. Ж. Баласагына, срок обучения – 5 лет. На данный момент работает нотариусом в Ленинском районе г. Бишкек, имеет более 13 лет стажа и является юристом 1-го класса. По итогам компьютерного тестирования набрала 81 баллов. Абдрахманова А. Б. во время собеседования рассказала о назначении судебной власти, ответила на вопросы по письменной работе, и перечислила случаи, при которых истцу возвращается государственная пошлина. Зампредседателя Жолдошова Л. Ч. задала вопрос: «Если перед вами будет выбор между безопасностью семьи и законным решением, что вы выберете?» Сначала кандидат ответила, что выберет законное решение. Но когда зампредседателя привела пример: «Пусть такого не будет, но если возьмут вашего ребенка в заложники, как вы поступите?» Претендент громко ответила, что выберет безопасность своего ребенка и несколько раз перебила члена Совета. Её бурная реакция создала напряженную ситуацию, зампредседателя спросила: «Вы конфликтный человек?» Абдырахманова А. Б. ответила, что представила эту ситуацию и переволновалась. Претендент призналась, что у нее вспыльчивый характер. Члены Совета сделали замечание кандидату на то, что она, недослушивая, перебивает человека и порекомендовали ей научиться слушать людей, поскольку это важный навык в работе судьи. В результате беседы она набрала 46,5 баллов.
Затем беседа была проведена с Абдысатаровым Тагай Замирбековичем. Он очно получил высшее юридическое образование в КГНУ им. Ж. Баласагына, временно не работает и имеет 9 лет юридического стажа. По итогам компьютерного тестирования получил 84 баллов. Из анкетных данных стало ясно, что Абдысатаров Т. З. принимал участие в разработке нескольких НПА, имеет 6 сертификатов о повышении квалификации. Во время беседы конкурсант рассказал об опыте работы в Центральной комиссии про выборам и проведению референдумов КР, ответил на вопрос об особенностях административного судопроизводства, и описал поведение судьи, которое может вызвать сомнения в его беспристрастности. Итоговый балл кандидата – 47, 375.
На этом заседание Совета по отбору судей КР завершилось.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотуна сынактык тандоо башталды
2021-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна сынактык тандоону баштады.Отурум төмөнкү курамда өттү:төрагалык кылуучу Камчыбеков Ш.Р., төраганын орун басары Жолдошов Л.Ч. жана кеңештин мүчөлөрү Дүйшөналиев Б.Т., Барыктабасова Э.Б., Динеев М.С., Качкыналиева Ч.Ш., Арызбаева А.С., Сатылганова Б.Ы. Кеңештин мүчөсү Сулайманов Ж.А., отурумга катышкан жок.
Үч талапкер жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты,андан кийин саат 10:48де профессионалдык жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо үчүн маектешүү башталды.
Биринчи болуп маектешүүгө Абдыбекова Гүльзат Алдаярбековна чакырылды. Ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин сырттан аяктаган, окуу мөөнөтү - 4 жыл. Г.А.Абдыбекова адвокаттык иш менен алектенет жана 15 жылдык юридикалык тажрыйбасы бар.Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы менен ал 94 балл алган. Маектин жүрүшүндө сынактын катышуучусу саясий режимдер, пробация институту жөнүндө жана юридикалык жак тууралуу түшүнүгүн айтып берди. Кеңештин мүчөлөрүнүн бири юридикалык жактын филиалы менен юридикалык жактын өкүлчүлүгүнүн айырмасы тууралуу айтып берүүсүн суранган, бирок арыз ээси так жооп бере алган эмес.Маектешүүнүн жыйынтыгында талапкер 47, 875 балл чогулткан.
Андан соң жыйындар залына Абдырахманова Айдай Болотбековна чакырылды. Ал Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган,окуу мөөнөтү 5 жыл.Учурда Бишкек шаарынын Ленин районунда нотариус болуп иштейт, 13 жылдан ашык тажрыйбасы бар, 1-класстагы юрист. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы менен ал 81 упай топтогон. Маектешүү учурунда А.Б.Абдрахманова судьялык кызматка дайындоо жөнүндө айтып берди, жазуу иштери боюнча суроолорго жооп берди жана мамлекеттик алым доогерге кайтарылган учурларды санап өттү. Төраганын орун басары Жолдошова Л.Ч. суроо берди:"Үй-бүлө коопсуздугу менен мыйзамдуу чечимдин ортосунда тандоо алдында турсаңыз, кайсынысын тандайсыз?", деп. Башында талапкер мыйзамдуу жолду тандайм деп жооп берди.Анда төраганын орун басары “Андай болбой эле койсун, бирок балаңызды барымтага алышса эмне кыласыз?”,- деп сурады. Талапкер: “Баламдын коопсуздугун тандайм”,- деп катуу жооп берип, Кеңештин мүчөсүнүн сөзүн бир нече жолу бөлгөн. Анын катуу реакциясы чыңалган кырдаалды жаратып, төраганын орун басары: «Сиз конфликттүү адамсызбы?»,-деп сурады. А.Б.Абдырахманова бул жагдайды элестетип, тынчсызданып жатканын айтты. Талапкер ачуусу тез экенин мойнуна алды. Кеңештин мүчөлөрү талапкерге адамдын сөзүн бөлүп жаткандыгы үчүн эскретуу кылып жана бул судьянын ишиндеги маанилүү чеберчилик болгондуктан, адамдарды угууну үйрөнүүнү сунушташты.Маектешүүнү жыйынтыгында ал 46,5 баллга ээ болду.
Андан соң маек Абдысатаров Тагай Замирбекович менен өттү.Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин күндүзгү бөлүмүндө жогорку юридикалык билимин алган. Учурда убактылуу жумушсуз, 9 жылдык юридикалык тажрыйбасы бар.Компьютердик тесттин жыйынтыгы менен 84 балл алды. Жеке маалыматтардан Т.З.Абдысатаров бир нече ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышкандыгы, квалификациясын жогорулатуу боюнча 6 сертификаты бар экендиги белгилүү болду.Баарлашуунун жүрүшүндө сынактын катышуучусу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы иш тажрыйбасы жөнүндө айтып берди, административдик сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу суроого жооп берди жана судьянын калыстыгынан күмөн жаратышы мүмкүн болгон жүрүм-турумуна токтолду.Талапкердин жыйынтыктоочу баллы -47, 375.
Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин отуруму аяктады.