Милиция болумундогу чуулу олум. Резонанстуу иш.

добавлен 01 декабря 2021 15:09
просмотров 553

 

 

2021-жылдын 25-ноябрь күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Туманбаев У. Б. КРнын ЖКнин 320-бер. 3-б., 143-бер. 2-б., 135-бер. 2-б. менен айыпталган милициянын ыкчам кызматкерлери А. С., Э. У., С. Д.,  А. Ш., О. А. жана Ш. С.тын жазык ишин кароону улантты. Сот отуруму саат 10:30га коюлган. Бирок сот отуруму 15 мүнөткө кечигүү менен башталды.

Судья Туманбаев У. Б. сот отурумун ачык деп жарыялап, кайсыл иш каралып жатканын айтып кетти. Катчыдан сот отурумуна келгендер жөнүндө сурады.

Катчы сот отурумуна келгендер жөнүндө маалымдады. Сот отурумуна жабырлануучулар жана алардын адвокаттары, мамлекеттик айыптоочу, айыпталуучулар жана алардын адвокаты келген.

Төрагалык кылуучу айыпталуучулардын укук-милдеттери менен тааныштырып, аларга сөз берди. Айыпталуучулардын адвокатынын өтүнүчү менен биринчи сөз айыпталуучу С. Ш.га берилди. Андан кийин айыпталуучу А. Ш.га берилди. Алар болгон окуяны маркум К. у. М.ти шектелип жаткан иштен баштап айтып баштады. Алардын айтымында маркум К. у. М. анын досу Д. жана А.аке аттуу адам каракчылык иш боюнча шектелишкен. Алар Кызыл-Кыя шаарынан келип каракчылык кылган деген маалыматтан улам айыпталуучулар шектүү адамдарды тергөөгө алып келүү үчүн Кызыл-Кыя шаарына барышкан. Айыпталуучулар маркум К.у. М.ны ал жерден таап өздөрүнүн ким экендигин айткан замат маркум К. у. М. тапанчасын алып айыпталуучу А. Ш.га такап «Аллаху Акбар», -деп каршылык көрсөткөн. Бирок башка айыпталуучулар маркум К. у. М. колунан тапанчасын алып колуна күч колдонуу менен кишен салышкан. Автоунаага түшпөй каршылык көрсөткөндө күч колдонуу менен унаага араң салышкан. Алардын айтымында маркум К. у. М. дене түзүлүшү чың болгон. Жана бешөөнүн күчү араң жеткен.

Ош шаарыдагы Ош облустук ички иштер башкармалыгына алып келишкенде маркум менен бирге бир унаада Э. У., О. А., С. Д. келишкен. Ал эми суралып жаткан Ш. С. жана А. Ш. өздөрүнүн унаасында 15 мүнөт айырмасы менен кеч келишкен. Алар келген убакта тергөөчү өз кабинетинде жок болгонуна байланыштуу маркум К. у. М.ти айыпталуучу Ш. С. жана А. Ш.нын кабинетине киргизип стулга отургузуп коюшкан. Айыпталуучу Ш. С. жана А. Ш.нын айтуусу боюнча маркум К. у. М. унаага отурганда каршылык көрсөтүштү токтотуп тынч келген, ошондой эле ден-соолугуна даттануу болгон эмес. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери М. Ж. маркум К. у. М. менен 10-15 мүнөттөй сүйлөшүп, анан башка бөлмөгө чыгып айыпталуучулар Э. У., С. Д.,  А. Ш., О.  Ш. С болуп алтоосу чогулуп кийинки ыкчам иштердин кадамдарын сүйлөшүп отурган. (М. Ж. бул иш боюнча күбө катары суралган. Биз бул жөнүндө жазганбыз). Ал эми А. С.  маркум К. у. М. менен жалгыз калган. Арадан 20 мүнөт өтүп өтпөй  айыпталуучу А. С. чуркап келип жогорудагы алтооно маркум К. у. М. өзүн жоготуп койгонун айткан. Алар ошол замат Ош шаарынын тез жардам бөлүмүнө жеткиришкен. Андан сырткары айыпталуучулар маркум К. у. М.ти «салафизм» уюмунун мүчөсү болгонун, алардын уюму азыркы ОПГлар менен тирешип жүргөнүн жана анын кээ бир туугандары Сирия менен байланышы бар деген маалыматтарды айтышты.

Судья, мамлекеттик айыптоочу жана адвокаттар тарабынан суроолор берилди. Суроолорго жооп берип жатышты, айыпталуучулар айтуусунда бардык кылган иш аракеттери мыйзамдуу болгон. Бирок маркум К. у. М. эмнеден каза болгонун билишпейт.  Төрагалык кылуучу бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү келип калганын белгилеп тараптардан оюн сурады. Жабырлануучунун адвокаттары жана мамлекеттик айыптоочу өзгөртүүгө негиз жоктугун айтып узартууну суранышты. Айыпталуучу тарап үй камагына чыгарып берүүсүн суранды.

Төрагалык кылуучу бөгөт коюу чарасын 2 айга узартты.

Сот отуруму эрте менен саат 10:30 башталып кечки саат 17:40та аяктады.

P. S. Бул сот отурумунда айыпталуучулар жана алардын адвокаты маркум К. у. М.ти «салафизм» уюмунун мүчөсү экенин айтып эмнени айтмакчы болушту? Макул, «салафизм» уюмунун мүчөсү болсун. Алар ошол экстремизм жана каракчылык иши менен тергеп сотко жеткирсе болот элего. Же бул кылмышка карата өлүм жазасы туура эле болду демекчиби? Буга чейинки сот отурумунда соттук медициналык экспертизанын кортундусунда солнечное сплетениеге катту мокок нерсе тийгенден ичинен уйку безинен кан кетип, травматикалык шоктон өлгөнүн тастыкташкан. Калган денесиндеги башка жараттар өлүмгө алып келбегенин белгилеп кетишкен. Айыпталуучулардын адвокаты маркум К. у. М. өзү жыгылып чыгып турган мокок жерге уйку бези тийип өлүп калышы мүмкүнбү», - деген суроону соттук медициналык эксперттерге берген. Алардын бири болушу мүмкүн десе, экинчиси андай болушу мүмкүн эмес деген. Ошондо судья Туманбаев У. Б. өзүнө-өзү  «дүйнө жүзү боюнча канча адам жыгылып, уйку безинен кан кетип өлгөн жана канча адам уйку безине сокку жеп өлгөн»,- деген  суроону берип, жообун интернеттен издеп статистикаларды карап көрдүбү экен? Айыпталуучулардын ичинде чынында жакшы офицер, ыкчам кызматкерлери болушу керек деп ишенем, бир эле адамдын айынан баары абакта отурат деген ойлор да болбой койбойт.