Сот отурумун кечиктирген адвокат жана процессуалдык нормаларды сактабаган соттук коллегия...

добавлен 17 ноября 2021 12:11
просмотров 499

 

 

Ош облустук сотунда 2021-жыллын 15-ноябрь күнү Ош облустук сотунда жазык иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында: төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К., судьялар Кубатов А. Э. жана Жунусов Ш. Т. КРнын ЖКнын 139-бер. 1-б., 257-бер. 1-б. менен айыпталган Б. У. Ж.нын сот отуруму саат 14:,00гө дайындалган. Бирок сот отуруму 1 саат 45 мүнөткө кеч башталды.

Соттук коллегия сот отурумун ачык деп жарыялап, сот отурумуна келген тараптар туурасында сурап, калган процессуалдык нормалар сакталган жок, мисалы эмне иш, айыпталуучу ким экендигин соттук коллегия жарыялаган жок. Соттук коллегия айыпталуучунун өкүлү өз убагында келбегендигинен улам сот отуруму кеч башталганын айтып, сот отурумун дароо эле башка күнгө жылдырды.