Жоопкердин окулунун отунучу канаатандырылыды

добавлен 12 ноября 2021 11:48
просмотров 508

 

 

    2021-жылдын 4-ноябрь күнү Баткен облустутук сотунда сот отуруму болуп өттү. Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия курамда: төрагалык кылуучу Абдураимов А. Б., судьялар Абылакимов А.А., Алимкулов.Н.Х., “Алимент өндүрүү” боюнча жарандык ишти кароого киришти. Сот отуруму ачык деп жарыяланып, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Отурум 11:00гө белгиленип тараптардын өтүнүчү менен 15 мүнөт тынгуудан кийин башталды.

   Тыныгуудан кийин жоопкердин өкүлү судьядан иш менен толук таанышып чыгууга 4 күн убакыт сурады. Тараптардан: “Бул өтүнүчкө каршылыктар жокпу?”,- деп судья тарабынан суралган учурда доогер тарап бул  өтүнүчкө каршылыгын билдирди. Ошентип коллегиялык курам иш материалдары менен танышып, тараптардын иш боюнча пикирлерин угуп, жоопкер тарапын өкүлү иш менен толук танышпагандыгына байланыштуу анын өтүнүчүн канааттандырды. Ишти кайра кароо 2021-жылдын 10-ноябрь 11:00гө калтырылды.