Ноокат райондук сотундагы мониторинг.

добавлен 08 ноября 2021 16:00
просмотров 706

 

 

2021-жылдын 1-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат райондук сотунда мониторинг жүргүзүлдү. Ноокат райондук соту эки кабаттуу чоң имаратта жайгашкан. Сот имаратына кире беришинде сол тарапта регисиратура жайгашкан. Ал жерде келген адамдарды каттап киргизип турушат. Сот имаратында киргенде сол тарапта маалымат доскасы илинген, ал эми оң тарабында кароого коюлган иштердин тизмесин көрсө болот. Имараттын биринчи кабатында сот залы, канцелярия жана башка аппарат кызматкерлеринин бөлмөлөрү жайгашкан. Ал эми имараттын экинчи кабатында оң канаттында 3 судьянын кабинети жайгашкан. Алар төрага Матраимов Б. Ш., Өмүралиев Б. Э. жана Абдыраев А. П. Сол канатында судьялар Жусупбаев  Ш. Б., Бодоев А. К. жана аппарат кызматкерлеринин бөлмөлөрү бар.

Судьялардын кароого коюлган иш тизмелерине байкоо жүргүзүлдү.

  1. Төрага судья Матраимов Б. Ш. жарандык жана кылмыш иштерди карайт, иш тизмеси жаңыланган эмес.
  2. Өмүралиев Б. Э. тергөө судьясы жана жарандык иштерди да карайт. Иш тизмеси жаңыланган.
  3. Абдраев А. П. жарандык иштерди карайт. Иш тизмеси жок, өргүүдө.
  4. Жусупбаев Ш. Б. жарандык, кылмыш иштерди карайт. Иш тизмеси жаңыланган.
  5. Бодоев А. К. жарандык иштерди карайт. Иш тизмеси жаңыланган.

Байкоочу барган учурда бөлүм башчысы байкоочуга төрага Матраимов Б.Ш Бишкекте окууда экендигин, ал эми анын жардамчысы ооруп калгандыгына байланыштуу иш тизмелерин жаңыланбай калганын айтты. Судья Бодоев А.К. дагы эртен менен бөлүм башчысына чалып ооруп калгандыгын айтып, ишке келген эмес. Ошондуктан бул күнү Ноокат райондук сотунда эки эле судья сот иштерин карады.

Ноокат райондук сотунда 1 бөлүм башчы, 4 судьянын жардамчысы, 2 ага катчы, 1  IT адис, 5 катчы, 1 адис, 1 иш алып баруучу, 2 архивариус жана 1 комендант бар.