Бугунку сот отурумуна да акча алып келди.

добавлен 27 сентября 2021 09:51
просмотров 758

 

 

2021-жылдын 17-сентябрь күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Маматалиев Т. А. КР ЖКнын 204-бер. 3-б. менен айыпталган Э. М.дин жазык ишин саат 15:30дө кароону улантты.

Судья Маматалиев Т. А. сот отурумун ачык деп жарыялап,  процессуалдык нормаларды сактоо менен сот отурумун баштады.

Катчы сот отурумуна келгендер жөнүндө маалымдады. Сот отурумуна жабырлануучу, анын адвокаты, прокурор, айыпталуучу жана анын адвокаты келген. Андан сырткары сот отурумуна айыпталуучу Э. М.дин башка иштеринен жапа чеккен адамдар да угуучу катары келишкен.

Буга чейинки сот отурумуна айыпталуучу 9800$ акча көтөрүп келген. Биз бул жөнүндө жазганбыз.

Айыпталуучу бул сот отурумуна карызынын 7000$ көтөрүп келип, калган акчаны кийинки сот отурумуна чейин төлөп беришин убада кылды. Айыпталуучунун адвокаты сот отурумун жылдырып берүүнү суранды.

Төрагалык кылуучу сот өтүнүчтү канаатандырып сот отуруму 30-сентябрга жылдырылды.