Айыптоо актысына тан калган айыпталуучу

добавлен 27 августа 2021 14:52
просмотров 690

 

 

2021-жылдын 24-август күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Курманбеков Т. У. КРнын ЖКнин 267-бер. 2-б. менен айыпталган жаран И. М.нын сот отуруму саат 11:00гө дайындаган.

Сот отурумуна айыпталуучуну СИЗОдон онлайн байланышка чыгарышты.

Судья Курманбеков Т. У. процессуалдык нормаларды сактоо менен сот отурумун баштады. Ошондой эле буга чейинки процесстерде айыпталуучунун өздүгү аныкталганын белгилеп кетти. Буга чейинки сот отурумунда айыпталуучу айыптоо актысын албаганын айткан. Ошол себептүү сот отуруму жылдырылган. Биз бул жөнүндө жазганбыз.

 Сот отурумуна мамлекеттик айыптоочу жана  айыпталуучунун адвокаты келишти.

Сот айыпталуучудан айыптоо актысын алгандыгы тууралу сурады. Бирок айыпталуучу актыны алгандыгы, анда жомок жазылгандыгын жана ал жерде коюлган айыпты толугу менен мойнуна албастыгын айтты. Судья прокурордон күбөлөрдүн келгендигин сурады. Прокурор күбөлөрдүн бири ыкчам кызматкер болуп учурда Жалал-Абад шаарында иш сапары менен болгондуктан келе албагандыгын билдирди. Прокуродун бул сөзүнө судья кийинки сот отурумуна күбөлөрдү камсыз кылуусун эскерти. Судья айыпталуучуда:  «Башка өтүнүч жокбу?» деп сурады. Айыпталуучу И. М. айыптоо актысында дагы башка инициалы бар күбөнү чакырууну өтүндү. Ал күбөнү,  судья жана прокурор жашыруун күбө деп, сот отурумуна чакыра албашын айтышты.

Андан сырткары баш коргоо чарасынын мөөнөтү келип калгандыгына байланыштуу, прокурор баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартууну, ал эми адвокат айыпталуучуну үй камагына чыгарууну суранышты. Судья прокурордун өтүнүчүн канаатандырды.

Сот отуруму 7-сентябрь саат 16.00го чылдырылды.

P. S Айыпталуучу И. М. айыптоо актысын окуп, өтө таң калгандай.