Мониторинг Кадамжай

добавлен 25 августа 2021 13:08
просмотров 469

 

 

2021-жылдын 18-август күнү Кадамжай райондук сотунда кезектеги мониторинг өткөрүлдү. Судья И.К.ТажибаевКР КЖКнын 138-беренеси 2-бөлүгү 3-пункуту менен денге оор жаракат жеткирүү боюнча кезектеги сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер менен таныштырды. Отурум саат 10:00гө белгиленип өз убагында башталган. Андан кийин күбөлөр сурак кылынып көрсөтмөлөрү алынды. Аларга укук жана милдеттери түшүндүрүлдү. Кийин сөз мамлекеттик айыптоочуга берилип алда күбөлөргө иш боюнча суроо берди. Сот отурумунда күбөлөр жетиштүү болгондуктан ишти кайрадан кароону 2021-жылдын 26-августу саат 10:30 га калтырды.