80 жаштагы апаны туугандары алдап уйун оздоштуруп алуу жонундо иш сотто каралып жатат.

добавлен 25 августа 2021 12:59
просмотров 654

 

 

Баткен райондук сотунда судья  Турдуманбетова Индира Таштанбековна тарабынан кезектеги сот отуруму өтүп, 80 жаштагы апа небересине белекке берген үйүн кайтарып алуу арызы менен кайрылган. Судья отурумду ачык деп жарыялагандан  кийин катчы келгендер жонундо маалымдады. Ишти кароо саат 15:00гө белгиленип, өз убагында башталды. Судья келген күбөлөрдү бирден сурак кылып, үйдү белекке берген доогердин да көрсөтмөсүн укту.

            Маалыматка ылайык 80 жаштагы С.Б.А.атуу жаран кулагы укпайт жана судьянын суроолоруна кызы аркылуу жооп бергенге аракет кылды. Судья үй кандайча 10 жаштагы небересине өткөрүп берилгени боюнча сураганда, доогер ага кызы жана күйөө баласы кандайдыр бир кагазды берип, кол кой деген учурда кол коюп бергенин, үйдү өз каалоосу менен өткөрүп бербегендигин айтты. Ал эми айыпталуучу тарап доогер кароосуз калып аны жакшы караганы үчүн небересине үйдү белек катары өткөрүп берген, жана өз каалоом менен өткөрүп бердим деген тил катты  жаздырып аны нотариустан тастыктатып алышканын билдирди. С.Б.А. атту жаран буга чейин кыздарынын жана уулдарынын үйүндө жашап жүргөн, аны эч бир тууганы камкордукка алууну каалган эмес. Ошол кезде кичүү кызы анын үйүн өздөштүрүп алуу максатында камкордук көрсөткөн. Үйдү алгандан кийин С.Б.А. менен келишпестиктер орун алган. Ошол себептен 80 жаштагы жаран сотко үйдү мыйзамсыз өздөштүрүп алган деген арыз менен кайрылган.

            Алдын ала соттук териштирүү аяктап, судья тараптардын жана келтирилген документтерди карап чыгып ишти кайрадан кароону 2021-жылдын 24-августу саат 16:00гө калтырды.