Баткен райондук сотундагы кезектеги мониторинг

добавлен 20 августа 2021 15:42
просмотров 472

 

 

2021-жылдын 16-август күнү Баткен райондук сотунда  И.Т.Т.нын судьялыгында жаранды дайынсыз деп табуу боюнча сот отуруму болуп өттү. Судья отурумду ачык деп жарыялагандан кийин катчы келгендер менен таныштырды. Ишти кароо саат 11:30га белгиленип өз убагында башталган. Арыз берүүчүгө судья тарабынан сөз берилип, ага укук жана милдеттери түшүндүрүлдү. Эгерде күбө мыйзамды бузуп туура эмес көрсөтмө берген учурда, КР КЖКнин 346-347-беренелери боюнча жазага тартылышы эскертилди.  Андан кийин жактоочуга сөз берилип ал арыз берүүчүнүн айткандарын толук колдошун жана иш боюнча да өзүнүн сунуш жана пикирлерин билдирди.

Маалыматка караганда жоголгон Ж.У.М. атуу жаран  2003-жылы үйдөн чыгып кетип ушул күнгө чейин кайтып келген эмес. Ал тууралуу жакындары ичкиликке берилип кеткен деген маалыматтарды да угушкан бирок өзү табылган эмес. Анын 16 жаштагы кызы С.Т.К. паспорт алууда тосколдуктарга кабылган. Сотко жарандын жоголгондугун тастыкоо боюнча тараптардын кайрылгандыгынын себеби ушул экендиги сот отурумунда айтылды. Судья тараптардын пикирин угуп дагы кошумча документтер жетишсиз болгондуктан кийинки сот отурумуна алып келиниши керектигин эскертип, ишти кайрадан кароону 2021-жылдын 30-август саат 10:00гө калтырды.

Р.S. Баткен райондук сотундагы  сот отуруму ачык жана тараптардын укутары корголгон негизде өттү деп айта алам. Анткени судья И.Т.Т. сот отуруму башталганда жарандарга укук жана милдеттерин түшүндүрүп сылыктык жана токтоолук менен ишти караган. Жарандар тарабынан да анын ишти кароодогу артыкчылыгы жана кемчиликтери суралганда жакшы пикирлер айтылган.