Мыйзамда жок нормаларды тануулаган катчы жана прокурор

добавлен 12 августа 2021 14:11
просмотров 733

 

 

2021-жылдын 10-август күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Курманбеков Т. У. КРнын ЖКнин 267-бер. 2-б. менен айыпталган жаран И. М.нын сот отуруму саат 11:00гө дайындаган.

Байкоочу дайындалган убакыттан эртерээк сот залына келген. Сот залында судья Курманбеков Т. У.нун катчысы жана мамлекеттик айыптоочу Багышбеков Н. болгон.

Катчы: «Сиз «koom.kg» байкоочусуз ээ? «Байкоочу» деген күбөлүгүңүздү көрсөтүңүз»,- деп сурады.

Байкоочу: «Күбөлүк бизге берилбейт, ишенбей жатсаңыз паспортумду көрсөтөйүн. «koom.kg» сайтында байланыш номерлери бар, чалып билип алсаңыз болот» ,- деп жооп берди.

Катчы:«Сиз мага үнүңүздүн тонун өзгөртбөй сүйлөңүз! Мен бул нерсеге кызыктар эмесмин, сиз мага далилдешиңиз керек байкоочу экениңизди жана буга чейинки байкоочулар процесске катышуу үчүн судьянын атына кат жиберип анан процесске кирчүү»,- деп чыр чыгаруу аракетин жасады. Мамлекеттик айыптоочу Багышбеков Н. катчынын ар бир сөзүн колдоп «ЖПКда бул нерсе жазылган»,- деп кошумчалады.

Байкоочунун; «Кайсы беренеде жазылыптыр?»,- деген суроосуна «Эсимде жок»,- деп жооп бере албай койду.

Сот отурумуна айыпталуучуну онлайн байланышка чыгарышты.

Судья Курманбеков Т. У. процессуалдык нормаларды сактоо менен сот отурумун баштады. Ошондой эле буга чейинки процесстерде айыпталуучунун өздүгү аныкталганын жана соттук курам жарыяланганын белгилеп кетти.

 Сот отурумуна мамлекеттик айыптоочу жана  айыпталуучунун адвокаты келишти.

Катчы туруп айыпталуучуга айыптоо актысы жарыялангандыгын жана айыбын толугу менен мойнуна албагандыгын  айтты.  

Адвокат өз жактоочусундагы айыпталуучу И. М. айыптоо актысын ала электигин айтты. Айыпталуучу да сотко айыптоо актысын ала электегин жана буга чейин соттолбогону үчүн айыптоо актысы эмне экендигин билбегендигин айтты. Судья Курманбеков Т. У.: «Эмне үчүн буга чейинки процесстерде айтпадыңыз?" – деген суроосуна кайра эле буга чейин соттолбогонуна байланыштуу айыптоо актысы эмне экендигин билбеген динин кайталады. Прокурор бул ишти бүгүн алгандыгын белгилеп, сот отурумун жылдырып берүүсүн суранды. Судья бул өтүнүчүн канааттандырып 24-августка жылдырды.

P. S. Прокурор Багышбеков Н. менен катчы мыйзамды билбегендиктен жогорудагы чырды чыгардыбы же алардын максаты байкоочуну ушул сот отурумуна катыштырбоо болушу мүмкүнбү? Анткени, айыпталуучуга айыптоо актысын бербей туруп соттук иш каралып жатканы суроо жаратып жатат.