Жарыш созуно даяр эмес

добавлен 03 августа 2021 10:33
просмотров 700

 

 

2021-жылдын 23-июль күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Акматов А. А. 315-бер. 1-б. менен айыпталган Х. Ш. Р.тин  жазык ишин кароону саат 10:00гө белгилеген.

Сот отуруму өз убагында башталды.

Судья Акматов А. А. сот отурумун ачык деп жарыялап кайсы иш каралып жатканын айтты. Катчы келгендер жөнүндө маалымдады. Сот отурумуна прокурор, айыпталуучунун адвокаты жана айыпталуучу келген. Судья прокурордон жарыш сөзгө даяр экендигин сурады. Прокурор жарыш сөзүндө айыпталуучу Х. Ш. Р. тин күнөөсү толук далилденгенин белгилеп, 3 жылга эркинен ажыратуусун суранды. Ал эми айыпталуучунун адвокаты пробациясын келе элек экендигин негиз кылып жарыш сөзгө даяр эмес экендигин айтты жана башка күнгө жылдырып берүүсүн суранды. Судья жарыш сөздү жылдыруу боюнча прокурордун макулдугун сурап, адвокаттын өтүнүчүн канааттандырып жарыш сөздү 29-июльга жылдырды.

P. S. Судья Акматов. А. А. сот отурумун баардык процессуалдык нормаларды сактоо менен өткөрдү.