Араван райондук сотунда мониторинг

добавлен 28 июня 2021 10:46
просмотров 706

 

 

2021-жылдын 24-июнунда Араван райондук сотунда мониторинг жүргүзүлдү.

Араван райондук сотунда жалпысынан 4 судья иштейт

  1. Колопов Э. С. – Араван райондук сотунун төрагасы;
  2. Сарыбаев Б. А.;
  3. Асаналиева А. А.;
  4. Сарыбаев Б. А.;
  5. Бакалбаев Т. К..

Андан сырткары штаттык ыраатама боюнча 4 катчы, 1 бөлүм башчы, 1 адис, 1 иш алып баруучу, 1 архивариус, 1 IT консультант, 1 комендант жана 4 сот аткаруучу  бар.

Сот залы жана канцелярия 1-кабатта, ал эми архив имараттын 2-кабатында жайгашкан. Ажааткана имараттын сыртында. Сот залында микрофондор орнотулган эмес, аппараттар иштебейт. Бул жагдай боюнча Араван райондук сотунун төрагасына суроо салганда азырынча микрофон, аппараттар иштетилбей жатканын айтты. Онлайн режимде сот отурумдары болбой жаткандыгын кошумчалады жана азыркы мезгилде Асаналиева А. А. ковид илдетине шектүү болгондугуна байланыштуу үй карантининде экенин да билдирди.

Ар аптанын жума күнү санэпидстанциядан келишип, дезинфекция иштери жүргүзүлөт.

Жарандык иштер боюнча иш тизмелери жаңыланган эмес.

P. S. Эмне үчүн азыркы учурда бардык жерлерде онлайн режимде сот отурумдары болсо, бул жерде болбойт. Ушул жагдай суроолорду жаратпайбы?

Сот имаратынын кире бериш жерине да антисептик же санитайзер койуп койсо жакшы болмок.