2021-жылдын 23-июнь күнү Ош облустук сотунда жазык иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К., судьялар Кубатов А. Э. жана Исажанов К. С. КРнын ЖКнин 205-бер. 1-б., 1,2-п., 205-бер. 3-б. 1-п., 202-бер. 3-б., 233-бер. 1-б. менен айыпталышкан Т. А., Э. А., Б. у. Н. жана Т. у. Э.нын жазык иши уланды.
Сот отуруму 30 мүнөт кечигүү менен башталды. Сот отурумуна айыпталуучу Т. А.ны СИЗОдон онлайн байланышка чыгарышты, калган айыпталуучулар Э. А., Б. у. Н. жана Т. у. Э сот залында болушту. Андан сырткары 4 жабырлануучу, 4 жактоочу, 2 банктын өкүлү жана 1 мамлекеттик айыптоочу катышты. Соттук коллегия айыпталуучу А. Э.ге сөз берди. Айыпталуучу А. Э. 2014-жылдан 2019-жылдын 24-майына чейин Финанс Кредит Банктын Ош шаарындагы филиалынын башкы бухгалтери болуп иштеген. Айыпталуучунун айтымына караганда 2019-жылдын 13-май айында Улуттук банк тараптан 5 күнгө комиссия келген. Комиссия келип текшергенде жогоруда аталган банктагы акчалар так чыгып, баардык акчалар баланс менен дал келген. Эртеси 14-май күнү кечинде Улуттук банктан келген комиссия Ош шаарындагы филиалда бардык сберкассалардын балансын текшерип кассирлердин сумкаларын ачышканда ири суммадагы жетишпестик чыккан. Ал жетишпестиктердин суммасы 15 млн. 302 миң сом, 10 млн. 850 миң рубль, 158 миң долларды түзгөн. Ошол күнү түшкү саат 12:00лер чамасында ошол учурдагы №09-сберкассанын башчысы айыпталуучу Т. А. айыпталуучу А. Э.ге телефон чалып “36-сберкассада приход расход бар, ошону өткөрүп берип койчу”, деген. Айыпталуучу Э. А. счетту карап өткөрүп койгон. Соттук коллегиядан айыпталуучу Э. А.га “Телефон аркылуу проводка (акчанын өзгөрүүлөрү боюнча компьтердин базасына киргизген жазуулар) кылган силердин кызматтык инструкциянарга жазылганбы? Эмне үчүн Т. А.нын кызматы сизден төмөн экенине карабай сиз анын айтканын жасадыңыз? Сиз бир эле звонок менен миллиондогон акчаларды өткөрүп жатасыз. Эмне түрткү болду ушуга? Сизде ошол нерсени кылганы кандай кызыкчылыктар бар эле? Мурда дагы ушентип өткөрүп жүрдүңөр беле?”, деген суроолор болду. Ал суроолорго айыпталуучу төмөнкүдөй жооп берди: “Кызматтык инструкцияга телефон аркылуу проводка кылган кирбейт. Телефон аркылуу сурангандыгынан мен өткөрүп койдум. Менин эч кандай кызыкчылыгым жок. Мурда мындай кылбайт элек. Бирок региондор менен жасайт элек”,-деп жооп берди.
Мындан сырткары жабырлануучулардын да өкүлдөрү айыпталуучуга суроолорду берди. Алар төмөндөгүдөй: “ Банк менен жеке адам келишим түзгөндө депозиттен акча жоголсо банк жооп береби же анын кызматкери жооп береби? Биздин акчаны ким төлөйт, банкбы же банктын кызматкериби? Клиент менен вкладчиктердин келишимдерин ким текшерет? Эмнеге биздин келишимдеги кол тамгаларыбыз, проценттерибиз дал келбейт?”. Бул суроолорго айыпталуучу “Банк менен келишим түзгөндө банк жооп бериш керек. Банкта келишимдерди караган башкы адис бар, ал банктын башкы офисине баш ийет”, - деп жооп берди. Ал эми башка суроолорго жооп бере алган жок.
Айта кетчү нерсе жабырлануучулар жана анын өкүлдөрү айыпталуучуга суроо берген учурда банктын өкүлдөрүнүн тарабынан берген суроолоруна каршылыктар да болду.
Айыпталуучу Т. А. окуя болгон күндүн эртеси ооруп ооруканага жатып калган. Тиешелүү адамдарды (айыпталуучуларды) банк кызматарынан четтетип акчаны таап келгиле деп айткан. Ушул ишке шектүүлөргө азыркы учурда абакта жаткан айыпталуучу Т. А.: “Сиздерде күнөө жок. Мен баарын өзүм төлөп берем”,- деп түшүнүк кат жазып берген жана бул туурасында биринчи инстанцияда видео материалды да көрсөтүлгөнүн кошумчалады.
Жактоочулардан да, прокурордон да бир нече укук-милдеттер, проводка жасаган процесс боюнча дагы суроолор болду.
Сот отурумунда ызы-чуулар да болуп жатты. Болжол менен сот процесси 1 саат 15 мүнөттөй болду. Жоголгон акча кайда экени табышмак бойдон калды. Түшкү тыныгуу жакындап калганына байланыштуу сот отуруму башка күнгө жылдырылды.
P. S. Бул абалда жабырлануучулар акчасын кимден алышын билишпейт. Банк айыпталуучуларды, айыпталуучулар банкты күнөөлөшөт. Келишим боюнча мындай нерселерге банк жооп бериш керек болчу. Азыркы абалдагы банктын жабырлануучуларга болгон мамилесин кантип түшүнсөк болот?