Баткен областык жана райондук сотторунун ишине кезектеги байкоо жургузулду

добавлен 25 мая 2021 13:32
просмотров 742

 

 

2021-жылдын 24-май күнү Баткен райондук сотунда төрагалык кылуучу судья Р.Б.Оморов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 1-2-бөлүгү менен айыпталып жаткан  А. С. К. жана Э. Р.,нын ишин карады. Отурум саат 10:30 га дайындалган. Бирок, отурум кечигүү менен саат 11:30да башталды.Катчы келгендер боюнча баяндагандан соң, төрага отурумду ачык деп жарыялады.

Алгач сөз  прокурорго берилип, ал кылмыш иши боюнча толук маалымат  берди. Маалыматка ылайык, А. С. К. жана анын коңушусу Э. Р.Б., биргеликте мыйзамсыз куралды сатууга жана сактоого аракет кылган учурда тийиштүү органдар тарабынан колго алынган.  Алар буга чейин  мергенчилик менен алектенип келишкен. А. С. К. мурда ички иштер органдарында иштеп, пенсияга чыккан.  Андан төрага 5 жыл аралыгында куралды неге мыйзамдаштырган жоксуз деп сурады. Айыпталуучу убакыт болбогондугун айтты. Прокурор куралды мыйзамсыз саткандыгын моюнга аласызбы деп сурады. Айыпталуучу ооба деп жооп берди. Андан кийин  Э. Р.Б.га сөз берилип, ал А. С. К.  менен биргеликте эч кандай мыйзамсыз курал сатууга аракет кылбагандыгын айтты. Куралдын тийиштүү уруксат кагазы да бар экендигин билдирди. А.С.К  белка үлгүсүндөгү  куралды таап берүүнү Э. Р.Б.дан сураган. Алар бул ишти атайын кызыктар тараптар уюштурган деп эсептешет. Анткени алар буга чейин мергенчилик менен алектенип келишкен. Төрагадан кийинкиде ишти кароодо ушул жагдайга көңүл бурууну суранышты.  Судья айыпталуучулардын жана тараптардын  пикирин угуп, жактоочуга сөз берди.  Жактоочу сотко чейинки аракеттеге чейин эле  айыпталуучулар күнөөлөрүн моюнга алгандыгына байланыштуу, кошумча күбөлөрдү чакыруу зарылдыгы жоктугун билдирди. Судья кийинки просцесске аталган  куралдын уруксат кагазын алып келүүсүн А. С. К.дан талап кылды жана просецсти кайрадан кароону 2021-жылдын  2-июнуна калтырды.

Ушуну менен белгиленген процесс сонуа чыкты.