Жазык иш сотко аймактык караштуулугу боюнча откорулуп берилди

добавлен 21 мая 2021 11:07
просмотров 759

 

 

2021-жылдын 18-майында  Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Истамкуловдун К. М. алдында КР ЖКнин 314-беренеси менен айыпталган жаран К. Т.нын кылмыш ишин кароо саат 14:00ге дайындалган.

Сот отуруму саат 14:22де башталды.

Судья Истамкулов К. М. Сот отурумун ачык деп жарыялап, буга чейин айыпталуучунун укук  милдеттерин түшүндүрүп кеткенин айтты.

Айыпталуучунун адвокаты өтүнүч келтирди. Ал өтүнүчтө айыпталуучу жана күбөлөрдүн көпчүлүгү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашагандыктан Жазык-процесстик кодексинин 266-бер. негизинде каралып жаткан жазык ишти Базар-Коргон райондук сотуна жөнөтүүнү суранды.

Прокурор соттун кароосуна калтырды.

Судья Истамкулов К. М. айыпталуучунун адвокаты келтирген өтүнүчтү канааттандырды.