06 мая 2021 года в Октябрьском районном суде г. Бишкек под председательством судьи Эсенбаева Н. продолжилось рассмотрение уголовного дела в отношении К.Э.М., О.у.Ш., Ю.Р.О., которые обвиняются в совершении преступления предусмотренного статьей 313 УК КР (возбуждение расовой, этнической, национальной, религиозной или межрегиональной вражды (розни), 314 УК КР (создание экстремистской организации), 315 УК КР (изготовление, распространение экстремистских материалов). Об этом деле мы уже писали.
Заседание было назначено на 15:00 ч., но началось на 20 минут позже назначенного времени из-за опоздания адвокатов. Обвиняемые произнесли последнее слово, все они попросили судью оправдать их, так как они не совершали противоправных действий, а лишь пользовались своими конституционными правами и свободами. Обвиняемый Ю. Р. О. признал, что аккаунт принадлежит ему, но он не распространял ничего запретного и не призывал захватить власть. Один из обвиняемых сообщил, что у них дома были обучающие намазу книги, которые одобрены муфтиятом КР. Выслушав последнее слово обвиняемых, судья удалился в совещательную комнату. В итоге судья вынес обвинительный приговор, которым:
5 жыл, 9 жыл, 11 жыл эркинен ажыратуу
2021-жылдын 6-майында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда төрагалык кылуучу судья Н. Б. Эсенбаевдин астында, кылмыш жасаган деп айыпталып жаткан К.Э.М., О.у.Ш., Ю.Р.О.го карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу (жек көрүү), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 314 беренеси (экстремисттик уюмду түзүү), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 315 ( экстремисттик материалдарды өндүрүү, жайылтуу) боюнча козголгон кылмыш ишин кароо улантылды. Бул иш боюнча биз буга чейин жазганбыз.
Отурум саат 15:00гө белгиленип, бирок адвокаттардын кечигип жаткандыгына байланыштуу белгиленген убакыттан 20 мүнөткө кеч башталды. Айыпталуучулар акыркы сөздөрун айтышты, алардын бардыгы судьядан аларды актоону суранышты, анткени алар мыйзамсыз иш-аракеттерди жасашкан эмес, болгону конституциялык укуктары менен эркиндиктерин колдонушкандарын билгизишти. Айыпталуучу Ю.Р.О профиль ага таандык экендигин мойнуна алган, бирок ал профиль менен тыюу салынган нерселерди жайылтпаган жана бийликти басып алууга чакырган эместигин айтты. Айыпталуучулардын бири алардын үйүндө намаз окуган китептер бар экендигин, алар Кыргыз Республикасынын муфтияты тарабынан бекитилгендигин айтты.Сот айыпталуучунун акыркы сөзүн угуп, кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти. Жыйынтыгында судья күнөөлүү деп өкүм чыгарды:
1.О.У.Ш.га Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кылмыш курамынын жоктугу үчүн акталды, 314-беренесинин 3-бөлүгүндө, 315-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана 5 жыл 6 ай эркиндигинен ажыратуу өкүмү чыгарылды;
2. К.Э.М., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 315-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылды;
3.Ю.Р.О. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 3-бөлүгүндө, 315-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылды.