Оштун милиция болумундогу олум боюнча Ош шаардык сотунда соттук отурум

добавлен 03 мая 2021 14:23
просмотров 689

 

 

2021-жылдын 28-апрель күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Турдалиев Н. Н. КР ЖКнин 320-бер. 3-б., 140-бер. 2-б., 135-бер. 2-б. менен айыпталган А. С. К. жана КР ЖКнин 320 бер. 2-б., 172-бер. 3-б., 321-бер. 2-б, 320-бер. 3-б., 140-бер. 2-б.  135-бер. 2-б. менен айыпталышкан Э. Р. Т., С. Д. К, А. Ш. А., О. А. М., Ш. С. А. милиция кызматкерлеринин сот отуруму саат 14:30га дайындалган.

Бул окуя боюнча «Азаттык Үналгысы» “Оштун милиция бөлүмүндөгү чуулуу өлүм” деген материал чыгарган. 

Сот отурумуна айыпталуучулардын тарапташтары көп келишти. Буга кошумча баары эрте келгендиктен бүт орундуктарды ээлеп алышты. Жабырлануучулардын тарапташтары келишип, эки аял кишиге гана орундук табылды. Калган тарапташтарына отурганы орун жок болуп, сот залында бир чекеде тик турушту.

Сот отурумунда  жарандык форма кийип келген милиция кызматкерлери да көп болду.

Сот отуруму кечигүү менен саат 14:50дө башталды. Судья Турдалиев Н. Н. сот отурумун баштаганда милиция кызматкерлери жана конвоирлер "KOOM.KG" уюмунан келген байкоочуну сот залынан күч колдонуп түртүп чыгаруу аракетин жасашты. Байкоочу судья Турдалиев Н. Н.ге үн кагып кайрылганга мажбур болду. Ошол учурда жабырлануучу тарапта: “Эмнеге байкоочуну күчкө салып чыгарып жатасыңар?”,- деген суроолор да болду. Судья Турдалиев Н. Н. сот процесси ачык болушун айтканда милиция кызматкерлери жана конвоирлер чыгаруу аракеттерин токтотушту.

Катчы келгендер боюнча баяндады. Баянында сот отурумуна баары келген, андан сырткары бир күбө, жабырлануучунун 2 адвокаты жана акыйкатчы кошулганын айтты.

Судья Турдалиев Н. Н. келген күбөнү сыртка чыгарды жана соттук курамга кошулган 2 адвокатка “Четтетүү жокпу?”- деп сурап кетти.  Четтетүү болгон жок. Судья Турдалиев Н. Н.: “Башка өтүнүчтөр барбы?”-деп сураганда, курамга кошулган адвокаттардын бирөөсү: “Бар”-деп жооп берди.

Адвокат аталган иш боюнча төрагалык кылып жаткан судья Турдалиев Н. Н.ге ишенбөөчүлүк келтирди. Адвокаттын айтуусу боюнча мыйзам талабына ылайык бул ишти судья Турдалиев Н. Н. караганга укугу жок болгон. Бирок ошого карабастан бул ишти өндүрүшкө кабыл алып карап жаткан. Ага негиз катары КР КЖКнын 65-беренесин келтирип, судья Турдалиев Н. Н. ушул иш боюнча “тергөө судьясы” катары катышып, тергөөнүн тинтүүнү тануу мыйзамга негизделген деген өтүнүчүн карап, аны канаатандырганын айтты. Ошол себептен жабырлануучунун адвокаттары судья Турдалиев Н. Н.ге четтетүү жарыялашты.

Прокурорлор четтетүүнү соттун кароосуна калтырды.

Айыпталуучулардын адвокаты коллегалары жарыялаган четтетүүнү негизсиз, судьянын компетенттүүлүгүнө чоң шек жаратты, судья бул нерсени билгенде өзүн четтетмек деген сөздөрдү айтып, четтетүүнү колдогон жок жана “Бул жабырлануучулардын сот процессин создуктуруудагы бир методы”-деп кошумчалады.

Четтетүү жарыялаган адвокат кайра туруп. оз кызыкчылыктарын коргогонун, бул ишти судья Турдалиев Н.Н. кароону улантса 2-инстанцияда биринчи кезек 65-бер. 2-пункту сакталбагандыктан кандай гана соттук акты чыкпасын бузулуп кетешин айтып кетти.

Судья Турдалиев Н. Н. өтүнүчтү чечүү үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыкты.

Судья Турдалиев Н. Н. кеңешме бөлмөсүнөн келип, жабырлануучу тараптын адвокаттарынын төрагалык кылуучу судьяны четтетүү боюнча өтүнүчүн канааттандырылсын жана Ош шаардык сотунун төрагасына башка судьга өткөрүп берүүгө жеберилсин деген токтом чыгарды.