Айыпталуучу эне жана мумкунчулугу чектелген бала

добавлен 23 апреля 2021 11:45
просмотров 703

 

 

2021-жылдын 20-апрель күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Маматалиев А. Т. КР ЖКнин 266 жана 355-беренелери менен айыпталган жаран Т. Н. М.нын сот ишин карады. Сот отурумду саат 15:12 ачык деп жарыяланды. Катчы тараптардын келгендиги жөнүндө маалымат айтты. Отурумга мамлекеттик айыптоочу Ж. Ж., айыпталуучунун жактоочусу С. Ө. жабырлануучулар Р. С. У. жана 3 милиция кызматкери С. А., Н. С. жана А. Н. келди. Катчы күбөлөр келбегендигин айтты. Айыпталуучуну СИЗОдон онлайн байланышка чыгарышты.  Судья Маматалиев А. Т. эки тарапка укук-милдеттерин айтып кетти жана эки тараптын күбөлөрсүз сот отуруму өтүшүнө каршылыктары жоктугуну тактап, сот отурумун улантты. Мамлекеттик айыптоочу Ж. Ж.га сөз берилип, ал "айыптоочу актты" окуп берди. Айыпталуучу Т. Н. М. күнөөсүн мойнуна алган жок.

Судья Маматалиев А. Т. биринчи жабырлануучуларга сөз берди. Жабырлануучу Р. С. У. чыгып болгон окуяны айтып берди. Жабырлануучу Р. С. У.нун айтысууна караганда эң кенже 19 жаштагы баласы 2-группудагы мүмкүнчүлүгү чектелген, оорукчан. Ал ар дайым Ош шаарынын Масалиев жана Раимбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофордо жайгашкан жөө адамдар өтүүчү өтмөктө туруп, жолдун ортосунда бийлеп күнүн өткөрөт. Жабырлануучу Р. С. У.га элдер:"Алып кетиңиз балаңызды машына уруп кетет",- деп айтып келишкен. Бирок жабырлануучу Р. С. У. баласына айтса сөзгө түшүнбөй, көнбөй   койгон. Жогоруда айтылган өтмөктө айыпталуучу Т. Н. М. эки кичинекей жаш өспүрүм балдары менен тилемчилик кылып баштаган. Жабырлануучу Р. С. У.нун баласын айыпталуучу өтмөктө турган учурда 2 жолу урганын ошол жердеги адамдардан угуп жүргөн. 2020-жылы 30-октябрда жабырлануучу Р. С. У. болжол менен саат 10:45 чамасында нан алганы чыгып баратып светофордо баласын айыпталуучу уруп жатканын көрүп калган. Жабырлануучу Р. С. У. барып "Мен энесимин! Сен эки балаңды кандай көрсөн, мен да ошондой көрөм ", деп сүйлөп баштаганда, айыпталуучу Т. Н. М. жабырлануучу Р. С. У.ну оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, бети-башына асылып, бетин аймалап уруп, чачынан кармап анан бир уч чачын жулуп алган. Ошол жерде өтүп бара жаткан атуулдар бөлүштүрүп калган. Натыйжада Р. С. У.нын ден соолугуна жаракат келтирилген. Бул аракети үчүн айыпталуучу Т. Н. М.ге КР ЖКнин 266- беренесин 1-бөлүгү менен айыпталган. 

Судья Маматалиев А. Т. кийинки жабырлануучулар милиция кызматкерлерине сөз берди. Алардын айтымында жабырлануучу Р. С. Т.  Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү жайгашкан Акбуура милиция бөлүмүнүн  башчысынын наамына арыз менен кайрылган. Ошонун негизинде 2021-жылдын 5-апрель күнү саат 15:30 тергөө кызматы тарабынан берилген атайын тапшырма менен тергөөгө камсыз кылыш үчүн барышкан. Ош шаарынын Масалиев жана Раимбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофордо жайгашкан жөө адамдар өтүүчү өтмөктө айыпталуучу эки жаш өспүрүм балдары менен тилемчилик кылып жүргөнүн көрүп, айыпталуучу Т. Н. М.ды тергөөгө камсыз кылуу үчүн Акбуура милиция бөлүмүнүнө чалышып жаш өспүрүмдөр инспекторун жиберүүнү суранышкан. Арадан көп убакыт өтпөй 2 инспектор кызматкери келген. 

Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери,  милициянын подполковниги Н. С., Акбуура бөлүмүнүн аймактык участковый милициянын подполковниги А. Н. жана ошол эле милиция бөлүмүнүн кенже лейтенанты С. А. өздөрүнү тааныштырып, күбөлүктөрүн көрсөтүп, үстүнөн арыз түшкөнүн айтканда талаптарга баш ийбей, коомчулуктун көзүнчө жогорудагы бийликтин өкүлдөрүн оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, милиция кызматкерлери Н. С. менен А. Н.тын бети-башын аймап, С. А.нын кызматтык формасынын шымын жыртып салган. Тергөөчүнүн кабинетине барганда да уят сөздөр менен сөгүнүп, тополон салып, столдорду тээп жерге жатып алган. Бул аракети үчүн ага КР ЖКнин 355-беренеси менен айыпталган. Айыпталуучу Т. Н. М. өз балдарын коргогондугун жана интернатка алып кетүүсүнө каршы болгонун айтты. Жабырлануучу милиция кызматкерлеринин айтуусу боюнча айыпталуучу Т. Н. М. акча табуу максатында өз балдарын пайдаланганын жана айдоочулардан арыз тушкөндө бир нече жолу эскертүү болгонун айтып кетишти.   Мамлекеттик айыптоочу балдары кайсы жерде экендигин сурады. Жабырлануучу милиция кызматкерлери  интернатта экендигин айтты. 

Судья Маматалиев А. Т. кийинки боло турган сот отурумунун убактысы болуп калганын белгилеп, сот отурумун 7-майга жылдырды. Айыпталуучу Т. Н. М.га жана жактоочусуна сөз берилбей калды.

P.S. Айыпталуучу Т. Н. М. кылган жоругуна өкүнүп жатканы билинди. Сот отуруму буткөндөн кийин балдарын абалын адвокатынан сурап жатты. Кантсе да эне экен.