Айыпталуучу айыптоо актысын албаптыр

добавлен 21 апреля 2021 15:27
просмотров 855

 

 

2021-жылдын 19-апрелинде Ош шаардык сотунда  судья Маматалиев А. Т. КР  КЖКнин 315-бер. менен айыпталган жаран М. А. Я.ке карата кылмыш ишин карады. Саат 10:30 белгиленген сот отуруму 15 мүнөтгө кеч башталды.

Судья Маматалиев А. Т. сот отурумун ачып, тараптардын катышуусу жөнүндө сурады. Катчы катышуучулардын арасынан бир күбө келбегендигин айтты. Судья Маматалиев А. Т. айыпталуучунун өздүгүн тактап жаткан учурда, айыпталуучу "айып актысын" колуна албагандыгы белгилүү болду. Мамлекеттик айыптоочу: "Алдым деп кол коюпсуз го, эмнеге айыпталып жатканыңызды билесизби?",- деп кайра сурады. Айыпталуучу эмне менен айыпталып жатканын билгенин, бирок тергөөчү эч кандай кагаз бербегенин айтты. Айыпталуучу "айып актысын" албаганын себебинен улам судья сот отурумун кыска мөөнөткө жылдырып турууну чечти. Сот отуруму 22-апрелге жылдырылды.