Ош шаардык сотунда сот процесстеринин тизмеси жаныланбайт, байкоо жургузуго судьянын уруксааты керек

добавлен 05 апреля 2021 12:15
просмотров 710

 

 

            2021-жылдын 2-апрель куну байкоочу Ош шаардык сотунда боло турган соттук процесстерге байкоо жургузуу  максатында  барып, бирок тилекке каршы соттук кароого коюлган иштердин тизмесинде бир гана судья Н. Н. Турдалиев алып бара турган соттук процесстери 6-апрелге чейинкиси жарыяланып турганын көрдү.

            Башка көпчүлүк судьялардын иш тизмелеринин мөөнөтү өтүп, жаныланбаган. Ал судьялардын аты-жөнүнүн тизмеси төмөндө келтирилген:

  1. Төрага Матисаков К. М.;
  2. Омурзакова А. А;
  3. Дуйшеев Э. Т.;
  4. Алимбекова Ж. К.;
  5. Жунусов Ш. Т.;
  6. Алибаев Б. М.;
  7. Курманбеков У. Т.;
  8. Алибаев Б. М.;
  9. Алимбекова Ж. К.

 

            Мындан да өкүнүчтүүсу жогоруда айтылган иш тизмеси таптакыр жок судьалар да бар. Алардын да аты-жөнүнүн тизмеси төмөндө келтирилген:

  1. Абдыразаков М. Т.;
  2. Туманбаев У.Т.
  3.  Кудаяров Ж. Ж.;
  4.  Жалалова М. Ш.;
  5.  Батырбеков Ж. М.;
  6.  Матенов Т. У.  

            Бул көрүнүштөрдөн кийин соттук процесстердин кунун жана убактысын тактоо максатында байкоочу Ош шаардык сотунун канцеляриясына кирди.

 

            Байкоочу:«Бүгүнкү боло турган соттук процесстерине байкоо жүргүзүү үчүн  процесске кирейин дегем. Саатын айта аласызбы?»

            Канцеляриянын жетекчиси :«Соттук процесстерге катышуу үчүн канцелярия жетекчисине арыз жазып, анын уруксаты жана судьянын уруксаты керек".

           Байкоочу: «Ачык сот процесстерине уруксаты жок эле кирип катышса болот го»

            Канцеляриянын жетекчиси:«Жок, арыз жазбасаныз дагы сот процессин өткөргөн судьянын уруксатын алып кириш керек».

 

P.S.Эмне учун мыйзамдардын, эрежелердин так аткарылышын көзөмөлгө алган мекеменин өзүндө эн жөнөкөй эрежелер сакталбайт? Кайсы берененин негизинде ачык сот процесстерине канцелярия жетекчисинин же  судьянын  уруксаты менен киришибиз керек?