Жоруктун декриминалдашуусуна байланыштуу иш кыскартылды

добавлен 25 марта 2021 12:49
просмотров 736

 

 

2021-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда айыпталуучу Садырбай к. Айжамалдын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун Кылмыш кодексинин 2992-беренесинин 1-бөлүгү боюнча  чыгарылган айыптоо өкүмүнө жана Бишкек шаардык сотунун биринчи инстанция чыгарган өкүмдү күчүнө калтыруу боюнча аныктамасына келтирилген кассациалык даттануусу каралды. Бул иш тууралу жазганбыз. Соттук коллегиянын курамы:  төрагалык кылуучу Эсенканов К.Э., судьялар Жоомартов К.Р. жана Эшалиев Н. К.  Отурумдун башында сөз айыпталуучунун жактоочусуна  берилди. Жактоочу иш боюнча тергөө органдары туура эмес айып коюп, 2016-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соттунун судьясы Чотонов С. мыйзамсыз өкүм чыгарганын айтты. Жактоочу соттук коллегияга ишти башынын жана кандай мыйзам бузуулар болгонун  айтып жатканда, төрагалык кылуучу бир нече жолу иш боюнча эмне сурайсыз деп эскертуу жасады. Жактоочу: «Сиз мага кыска убакытта бир нече жолу эскертуу жасап, менин сөзүмдү уккунуз келбей жатат»- деп төрагалык кылуучуга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттук коллегиянын эки мүчөсү жактоочунун берген өтүнүчүн угуп, кеңешүү бөлмөсүнө кетишти. Кеңешүү бөлмөдөн чыгып, өтүнүч канаттандыруусуз калтырылат деген чечиминин айтып, сот отурумун улантышты. Кайрадан сөз жактоочуга берили, ал ишти толук айтып, айыпталуунуга актоо өкүмүн чыгарууну сурады. Андан соң айыпталуучуга сөз берилди. Ал иш боюнча өз далилдерин келтирди жана ишти мыйзамдуу, адилеттуу карап, КР Жазык процесстик кодекстин 26-беренисин 1,2-бөлүмүнүн негизинде актоо өкүмүн чыгарып берүүнү суранды.  Прокурор жаны кабыл алынган КР ЖКнин  315- беренесинде «сактоо» тушунугу каралганына байланыштуу биринчи жана экинчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүнү сурады. Жана айыпталуучуну 2 жыл, 6 айга эркиндигинен ажыратуусун сурады. Коллегия, тараптарды угуп, кеңешүү бөлмөсүнө кетти. Кеңешүүдөн чыгып КР Жазык процесстик кодекстин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык «жоруктун декриминалдашуусуна байланыштуу» ишти кыскартты.