Адвокат телефонун очуруп отурумга келбей койду

добавлен 03 февраля 2021 13:50
просмотров 710

 

 

2021-жылдын 2-февралында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда торагалык кылуучу сот Жумадылов С. К. КР ЖКнин 313-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жаран М. Т. Айдаровго карата КР козголгон кылмыш ишин кароону уланты. Биз бул иш жөнүндө жазганбыз.

Отурумга айыпталуучу Айдаров М. Т. жана прокурор келишти. Айыпталуучунун адвокаты Султанов келген жок. М. Т. Айдаровдун сөзү боюнча адвокаты сот отурумдун убактысын билчи, бирок отурумга чейин чалса телефону өчүрүлгөн экен. Судья 10 мүнөт күтүп турууну сунуштады, бирок анда деле адвокат келген жок. Айыпталуучу ошондой эле: «Күбө катары чакырылган опер кызматкери Б. отурумга келеби?» - деп прокурорго суроо берди. Прокурордун айтымы боюнча ал кызматкердин ден соолугу оор абалда, ошого байланыштуу келе албайт. Кийинки сот отуруму 2021-жылдын 9 февралга саат 16:00 го белгиленди.