Ээнбаштык же зарыл коргонуу болду беле

добавлен 03 февраля 2021 11:35
просмотров 747

 

 

Биздин коомдук кабылдамага жаран Г. Джекшеналиева, анын баласына каратта чыгарылган өкүм мыйзамсыз экенин айтып кайрылды. Иштин маӊызы.

2020-жылдын 16-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен К. Г. Ш. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 266- беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөлүү деп табылып,  ага 5 (беш) жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленген.

Кыргыз Республикасынын ЖКнин 81-беренесине ылайык, алдын ала камоодо болгон ар бир күнү жазаны өтөө мөөнөтүнүн бир күнүнө барабар деп эсептелинген.

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 8-майындагы "1941-1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75-жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамдын 3- беренесине ылайык, К. Г. Ш. өтө элек жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирине кыскартылган.

Жаза өтөө мөөнөтү 2020-жылдын 16-октябрынан баштап эсептелинген. Г. К. карата тандалган башка жакка кетпөө тил каты түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, ал сот залынан камакка алынган.

Айыпталуучу Г. К. Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектинин кесилишинде жайгашкан үйдү бир күнгө ижарага алган. Өзүнүн сүйлөшүп жүргөн кызы С. А. чакыруусу боюнча келип, С. А. ага чалып, батыраак кел деп, ыйлап телефонду өчүрүп салгандан соӊ, ал ашканадан бычакты алып, сумкасына салып, Бөкөнбаев, Манас проспектинин кесилишинде жайгашкан үйгө келген. Домофондон чалганда С.  А. эшикти ачпагандыгынан, эшиктин алдында отурган бейтаныш кыздан эшикти ачып берүүнү сурап, подъезге кирген. К. Г. алтынчы кабатка көтөрүлүп, А. С. батирин аӊдып турганда, ал жактан эки адам чыгып, алар эшикти көздөй качып кетишендигин байкаган. Ал ачуусу келип ал жерден аш бычакты алып, эки баланын артынан кубалап жөнөгөн. Сыртка чыкканда экөө эки жакка качышкан, ал бирөөсүнүн артынан барып, ага карата бычак менен шилтеп, ошол учурда ал баланын кулак жагына жана ийинине шилтеген бычак тийип, андан кийин ал бала аны басып алып жатканын, аркасынан экинчиси келип бычакты колунан алган деп көрсөтмө берген.

Сот отурумунда күбөө катары С. А. көрсөтмө берип, ал айыпталуучу менен 2019-жылдан баштап сүйлөшүп, политех районунан батир таап, ошол жерде жашап жаткан. Үйдө уктап жатканда, чоочун киши батирге кирип келген. Ал коркуп, Г. К. чалып, ага чоочун киши кирип бетине чапканын айтып, бир аздан кийин экинчи чоочун киши келип, кухняда жүргөнүн, анан айыпкер Г. К. келип, алардын артынан бычакты алып, чуркап кеткенин көрсөттү.

Жабырлануучу жана күбөө  көрсөтмө берген учурда, чынында эле ошол батирге келишкенин айтышты.

Г.К. оюнда бей баштык кылуу эмес, зарыл коргонуу болгон, себеби сүйлөшкөн кызын  С.К. таяк жеп жаткан ахывалын көрүп, жабырлануучу Т. Т. менен Дж.Б. алардын турак жайына мыйзамсыз негизде кирип келүүсүн токтотуу жана укук коргоо органдырына кайрылуу максатында жасаган.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 49-берене (Зарыл коргонуу) , 5-пунктуна ылайык - Коргонуучу адамдын турак жайында мыйзамдуу негиздерде жашап жаткан (болгон) адамдардын эркине каршы жасалган, кол салган адамдардын мыйзамсыз жана зомбулук менен алардын турак жайына кирип келүүсүнөн, коргонууда кол салуучунун денесине жаракат келтирген, анын ичинде анын өлүмүнө дуушар кылган аракеттери зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу болуп саналбайт.

Бишкек шаардык сотунун жазык иши жана административдик укук бузуулар боюнча коллегиясына апелляциялык даттануу менен кайрылышты, иш 2021-жылдын 8-февралында каралат. Жыйынтыгын айтып беребиз.