Ленин райондук сотунда жумушка калыбына келтируу жонундо доо арыз канааттандырылды

добавлен 17 декабря 2020 16:16
просмотров 885

 

 

2020-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья Ибраева Ч. Н. жаран  Эралиевдин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч кесиптик билим берүү агенттигине жумушка калыбына келтирүү жөнүндө доосун карады.  

Сот отурумуна бардык тараптар келишти. Сот дагы эки күбөнүн көрсөтмөлөрүн угуп, материалдарды иликтеди. Тараптар жарыш сөзүн айткандан кийин, судья кенешүү бөлмөсүнө кирди. Сот У. Т. Эралиевдин доо арызын толугу менен канааттандырып, жумушка калыбына келтирүүнү чечим кылды.